Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

"Төрөбүз буйрук кылган" - деп,

Манасты кармап алыптыр,

Ал ангыча үстүнө

Бай Жакып келип калыптыр.

"Атаң кайсы сенин?" - деп,

Алар сурай салыптыр.

"Атам мобул киши" - деп,

Айтып Манас туруптур.

Жакыпты көрүп таанышып,

"Сен кайда жашырынып калдың?"

          - деп,

"Эмнеликтен биздерди

Адаштырып салдың?" - деп,

"Каршы экенсиң канга, - деп,

Катуу каар, касапты

Салалыкпы жанга? - деп.—

Сен бизди адашкан жолго киргизип,

Арамдыгың билгизип,

Азыр сени соёмун,

Башыңа шири кийгизип!".

Ушуну айтып, чамынып,

Төртөө турду камынып.

"Байла Жакып чалды!" - деп,

Басып келди жабылып..

Бай Жакып ошондо кеп айтат:

"Балдарым, токто! - деп айтат.

Күнөөм болсо, балдарым,

Күндөндү* мага камдагын.

Шоктугум болсо, балдарым,

Зоолугуң* мага камдагын.

Дос кишиңди кас көрүп,

Убалга бөөдө калбагын!".

Жакыптын болбой сөзүнө,

Жан деп илбей көзүнө,

Жабылышып калганы.

Жанындагы баласы,

Жаалы катуу Манасы:

"Катылба карган кишиге!

Кандан келдик дейсиңер,

Айраңмын кылган ишиңе!".

Ушуну айтып, эр Манас

Арага түшүп турганы.

"Манасты кошо байла!" - деп,

Айгайды алар салганы.

Аны уккан Манастын

Жаалы чыкты сөзүнөн,

Жалыны чыкты көзүнөн.

Бирөнү кармап оң колдон,

Бирөөң кармап сол колдон,

Бирөөнү алды далыдан,

Бирөөнү алды жакадан,

Кагыштырып турганы,

Көйнөктөй желпип төртөөнү

Көмөрүп жерге урганы.

Калган төртөө камынып,

Жекелөөгө жабылып,

Манаска колду салганы.

Экөөнү эки колуна,

Баатырың кошоктой кармап

турганы.

Астына алтоо басылды,

Топурагы тозулуп,

Кармашкан жери казылды.

Берки турган бешөө тең

Манаска эми асылды.

Экөөнү экөө менен урду эле,

Бирөө эси чыгып турду эле:

"Силердин кайда болот каныңар?

Как ушундай кылды, - деп,

Каныңа айта барыңар.

Бекер жаткан пенде жок,

Он бириң байлап кетем деп,

Тырмактай акыл сенде жок.

Сага күйөр болсо каныңар,

 Күрмөлгөн колуң камдагын.

Капилетте калбагын.

"Баланчам бүтпөй калды" - деп,

Калбасын ичте арманың.

Өнөр билген аярың,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.