Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши
Байлап кетсең баласын,
Мага десең канаке,
Өлтүрүп кетсең Манасын!
Баянын айтчы балдар?" - деп,
Баятан Жакып сурайт кеп.
Аны уккан соң он бири:
"Жалгыз жүрсүң бул жерде,
Сага Жакып кас болсо,
Жакыптын айлы кай жерде?
Баштап бизди баргын,- дейт,
Бай Жакыпка кылганды
Байкап көрүп алгын" - дейт.
Айласы кетип бай Жакып
Он бирине кеп айтат:
"Ой, баатырлар! - деп айтат. –
Тарбагатай тоосу бар,
Теректи деген түзү бар.
Кышка жакын козуучу
Кыштоосу шондо болуучу.
Жакыбың да, Манасың,
Жете барсаң, табасың.
Коюңар, балдар, коюм бар!
Койду бөрү жеди деп,
Коркуу кирген оюм бар.
Узайын, балдар, уюм бар,
Өңкөй улук жиберген,
Бузук экен куюңар.
Бара бергин өзүңөр,
Башы чыккан чоң тоону
Көрбөйбү эми көзүңөр!".
Узатып жолго салганы.
"Жалгызым кандай болот?" - деп,
Эми убайымга калганы.
Эки жарым ай болгон,
Эркек бала Бакдөөлөт
Ал да төрөп салганы.
"Манасты душман алабы?
Бакдөөлөт тууган бир бала
Аман колдо калабы?".
Ага да тойду союптур,
Атын Абыке деп коюптур.
"Бешиктеги жаш бала
Белге таңуу болобу?
Белиме таңган Манасты
Мерт таптырып коёбу?".
Туучунак менен туйлатып,
Үйүнө Жакып келгени.
Айыл башы Акбалта,
Акылдашы Бердике,
Ар жердеги айылын
Арбын жыйнап алганы.
Бай абасын баш кылып,
Акыл салып турганы:
"Кызыл чоктуу көп ойрот -
Кытай угуп алыптыр.
Кылабыз деп Жакыпка
Кекенишип калыптыр.
Кара чоктуу көп ойрот
Калмак кабар алыптыр,
"Кап, Жакып!" - деп кекенип,
Камданышып калыптыр.
Кандай арга кылабыз?
Бирөөндө бар беш бала,
Бирөөндө бар чоң бала,
Бирөөндө бар он бала.
Бир баланы Манас деп,
Берип койсок кантет?
Бир кудайдын жазуусун
Көрүп койсок кантет?
Манасына садага
Бөлүп койсок кантет?".
Бул сөздү айтып салганы,
Бул олтурган калайык
Баланча деп айталбай,
Мукактанып калганы.
Бай ошондо кеп айтат.
Кеп айтканда эп айтат:
"О, Чыйырдым менен Жакыбым,
Айтсаң муну эсиң жок.
Бала сатып Манас деп,
Башканы берер кезиң жок.
Бириң - картаң - ургаачы,
Бириң - канжыраган чалсыңар.
Экөөңдү карасам,
Деги кандай акмак жансыңар!
Баласын малга ким берет,
Сенин балаңдын күнүн ким көрөт?