Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши
Же өлтүрбөй, же өлбөй,
Кантип кайра кетем" - деп,
Аймаңбоз менен аргытып,
Белге жакын калыптыр,
Туучунак менен түйүлтүп,
Атасы Жакып жетиптир.
"Тура тургун, балам* - деп,
Чылбырдан коштоп өтүптүр.
Атакесин жаш Манас
"Бошот" - деп айгай салыптыр.
Коштогон бойдон баласын
Жакып кошуна кирип барыптыр.
Нескара качып кеткен соң,
Кошууну калды калтырап,
Кара көзү жалтырап,
"Жан соогаттап" буркурап,
Жалпы баары чуркурап.
Калган кытай, калмагы
"Катылбайбыз эми" деп,
Койдой чуулап барганы.
Жесирдин баарын бошотуп,
Жетимдин жашын токтотуп,
Үйшүн, Үмөт, Жайсаңы,
Урматтуу кебин айтканы
"Үйүндө мүлкүн таанышты,
Үйүп-жыйып көтөрүп,
Алган экен алар" - деп.
Аста басып барышты,
"Аласыңбы муну" - деп,
Айдаркан, Жакып, Дөгөндүн
Астына коё салышты.
Ошондо бала
Манас кеп айтат;
"Маңгулдар сага не болду?
Акылың кайда жоголду?
Айрып алган дүнүйө,
Айрып алдык жоодон - деп,
Аксакалдар муну алса,
Анан кайдан оңолду?!
Чабылдың да, чачылдың,
Чабуулдан этиң ачындың.
Жазайын мылтык түздөп ал,
Керектүң болсо, бизден ал.
Он миң эле жылкыңыз,
Оодарылды мүлкүңүз,
Ыйлап жүрүп үч күнү,
Эми чыкты күлкүңүз.
Аяк-башты жыялык,
Аккан жашты тыялык,
Эндекей жүрбөй мунетип
Бир чоң ынтымак кылалык.
Тарбагатай, Кыңгырдан,
Алты-Байдын Тармал-Саз,
Аягөздүн Керме-Саз,
Капталың Кара-Кум болсун.
Катарлашып жоо келсе,
Кездешер жериң бул болсун.
Эсен кан эгер соо койбойт,
Эл деп бизди ойлобойт.
Көптүгүнө салганда,
Көк найза салса, бойлобойт.
Бекемденип каларбыз,
Алыша келсе, тим жатпай,
Алангирди саларбыз!
Ушуну айтып эр Манас,
Кашкая карап турганы.
Айтканын уккан көпчүлүк,
Айран-азыр калганы.
Аны таштап салыңыз,
Чабылгак маңгул айлынын
Кабарын угуп алыңыз.
Жайсаңбайдын эрени,
Жан-жабыла Жакыптын
Маңдайына келгени.
"Эл кылыңыз бизди, - деп,
Эндекей жүрүш болбойт, - деп,
Нескарага окшогон
Жоо келсе, эсен койбойт,- деп.
Чалыбай аттуу балам, деп,
Жолдош болсун Манаска,
Жоролош болсун кыргызга.
Эл болгондун белгиси,
Эрке балам жалгызым,
Эми кошуп алыңыз,
Эби келсе барыңыз".
Күлдүр айтып салганы.