Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

Ороздунун он уулу,

Мунун эң улуусу Бай экен,

Ак ала сакал чал экен.

Кең Кашкардын ар жагы,

Кебез-Тоонун бер жагы,

Ошондо жүргөн чагы экен.

Жипсиз колу байланып,

Жетимиш күнү айдалып,

Жетпей жүрдү тууганга,

Жер түбүндө зарланып.

Кайрылып жолун чала албай,

Калкынан кабар ала албай,

Каңгырап жүргөн чагы экен,

Бай акең караса тууган табалбай.

Байдан эки бала бар.

Улуусу аты Бакай дейт,

Нускалап угуп, сөз сүйлөп,

Аңгемеси далай, дейт.

Убайымды Бай айтат,

Уксун деп балдар жай айтат:

"Кебез-Тоо болду жайыбыз,

Кен Кашкар болду шаарыбыз.

Опол-Тоо болду жайыбыз,

Ойрон Жеркен шаарыбыз.

Ар кимдин жедик токмогун,

Арманым айтып токтоюн.

Жеке кеткен Жакыпка

Жетип кабар жоктогон.

Көй-Капка кеткен Үсөндү

Көрсөм деп, жаным күсөдү.

Кенже Жакып инибиз

Өлүү бекен, тирүүбү?

Тирүү болсо Жакыбым,

Жалгыздыктан зарланып,

Ыйлагандын бириби?

Бар болсо байкап билейин,

Өлгөнү болсо, көрөйүн.

Өксүгүр дүйнө өксүтсө,

Өкүрүп кайра жөнөйүн.

Балдарым, сага эп болсо,

Атаңар айткан кеп болсо,

Алтайдын тоосун айланып,

Армансыз болуп келейин".

Ал сөздү айтып Бай турду,

Акылын айтып жай турду.

Баласы Бакай кеп айтат:

"Барыңыз, ата! - деп айтат,

Быйыл он үч жыл болду,

Бай Жакып белин бууду деп,

Уктум эле уламыш

"Чыйырды эркек тууду" - деп,

Ошондогу баргандан,

Ат чабышкан балдардан,

"Барып келдик анда" - деп,

Кеп салышкан чалдардан.

Ошондо чалган кулагым

Ойноп жүргөн балдардан.

Башка Жакып болбосо,

Байкай турган бир кеп ко.

Бөлөк Жакып болбосо,

Билип келиш сизге эп ко.

Барып, ата, көрүнүз,

Алтай алыс жер десе,

Айныбасын көөнүңүз".

Бакай айтып салганы.

Макул болду бармакка,

Бай жөнөлүп калганы.

Күдүрлөгөи бор менен,

Гүлдөгөн шор менен,

Жетиген-Кыям* жол менен

Ак ала сакал Бай аке

Алыскы жолго салыптыр.

Үчүнчү күндө, түш ченде

Мелтиреген бир жапан

Чөлгө келип калыптыр.

Арык казган миң адам

Жерге келип калыптыр.

Өөдө-төмөн өткөндү

Өмөлүп кармап алчу экен.

Өзүнө арык каздырып,

Атын союп салчу экен.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.