Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Жан кубанар ой кылып,

Кара калмак, манжуудан

Кутулуп жатып калдык" - деп,

Курган кыргыз той кылып,

Мойнуна курун салынып,

Жаратканга жалынып,

Күйүттүн баары жазылып,

Күптүүнүн баары ачылып,

Үзүлгөнү уланып,

Ушинтип кыргыз кубанып:

"Ордолуу журттан айрылып,

Тентип келген журт элек.

Кара кытай, манжуунун

Ортосунда жүрчү элек,

Каяшаяк сөз сүйлөп,

Кайшалаңдап биз койсок,

Кыргын болуп калчу элек".

Мына ошону айтып ой кылып,

Кубанып кыргыз той кылып,

Көкбөрү.тартып чаң салып,

"Кутулдук  калың жоодон" - деп,

Кунан чаап, даң салып,

Манас, Манас болду эми,

Манас атка конду эми.

Ак калпакты кийди эми,

Алчайып атка минди эми.

Эки тизгин, бир чылбыр

Өз колуна алды эми.

Орунтуктуу эр болду,

Он эки мүчө тең болду,

Күйүттүү кыргыз биригип,

Күтүп алар шер болду,

Толкуган кара калмакка

Тоону бузган сел болду.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.