Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени
Өөдө болбой, шал болду.
Челектей болгон кайран баш
Жарылып, кара кан болду.
Омурткамдын кошмосу,
Бул бурут найза сайганда,
Бөлөк-бөлөк бөлүндү.
Кызыталак буруттун
Кыйындык жайы көрүндү.
Көз жумулуп өлбөдүм,
Кан Жолой атка конгону,
Каарды мындай көрбөдүм.
Өлбөй-житпей бул жерден
Өз дүйнөнү чачалы,
Эсен кан көздөй качалы.
Кызыталак бул бурут,
Чалышсак чама түк калбайт,
Чарпышсак моюн түк бербейт.
Чарпыша кетсек кокустан,
Кокуйду башка салбасын,
Койбой кармап албасын.
Койдой башты кеспесин,
Курсакты бөөдө жарбасын!".
Деп ушинтип эр Жолой
Боконо сөегү болкулдап,
Боор ичеги солкулдап,
Акыл ийлеп.ой ойлоп,
Жолой жолго кирди эми.
Түгөнген тоонун урчуктая,
Дүмүрөйгөн тумшуктан,
Качып калган Жолойду
Кабылан Манас көрдү эми.
Азыр сага жетем; деп
Албай кантип кетем деп,
Аймаңбозун буруптур,
Качып берген Жолойго
Кабыланың найза сунуптур.
Баарынан тулпар Аймаңбоз
Башын жерге салыптыр,
Арбытып арыш алыптыр,
Эти кызып, ээлигип,
Эң эле катуу желигип,
Камыштай кулак жапырып,
Куюндай жерди сапырып,
Тынбай чуркап калыптыр.
Айры белес тайпаңдан
Айкөл Манас кабылан
Алты айланта кууду эми.
Жети кайкаң дөбөгө
Жеткилең Манас баатырың,
Жети айланта кууду эми.
Томуктай жерде тоосу жок,
Чым этим жерде суусу жок,
Чымчып жээр чөбү жок,
Ошол чөлдү этектеп,
Ашып Жолой баратат,
Аманат жандан түңүлүп,
Качып Жолой баратат.
Көңүлү кетти бөлүнүп,
Аркасына караса,
Айкөл Манас кабылан
Кан ичер түрү көрүнүп,
Астындагы Аймаңбоз
Көрүнгөндөн көрүнүп,
Көрүнбөсө, союлгур,
Көк түтүн болуп бөлүнүп,
Астындагы Аймаңбоз
Булуттай учуп закымдап,
Калган экен, кызталак,
Ачбууданга жакындап.
Жакындап Манас барганда,
Былкылдактын Сары-Саз,
Ичи токой чилик аралаш,
Айласын таппай шашты эми,
Көсөл экен эр Жолой
Токойго кире качты эми.
Өзү жайчы кан Жолой
Токойго кирип барганы.
Күн жаадырчуу жай ташты
Көтөрүп сууга салганы.
Астынан булут табылды,
Жер жүзүнө көгөрүп,
Жөө туман түшүп жабылды.