Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени
Кайнап келген көп балбан
Манасты тегеректеп калды эми.
Акбалта, Жакып жанашты,
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Курчоодо турган Манасты
Көргөндө көзүнүн жашы он талаа.
"Өлбөй тирүү жүргөндө,
Не муратка жетелик?
Маңдайга бүткөн бала үчүн,
Курган жан, курман болуп кетелик,
Ажал жетсе, өлдүк",-деп,
Ак сакалын суюлтуп,
Эки көздөн аккан жаш,
Акырек ылдый куюлтуп,
Кайрат кирип ушундай,
Кара жанды аябай,
Капталынан Акбалта
Качырып найза сунганы,
Ортосунда эр Жакып,
Ойрон Манас уулу үчүн,
Кыргындашып турганы.
Чалдар жүрөт алышып,
Балдар жүрөт салышып,
Өмөлүшө чабышып,
Өлбөгөн жерде калышып.
Карсылдашып кагышып,
Кажабай кайрат табышып,
Аймаңбоз менен ойнотуп,
Жеткен жерин сойлотуп,
Ортосунда зор Манас
Опол-Тоодой көрүнүп,
Каарына чыдабай,
Качып балбан бөлүнүп,
Каарданып бакырды;
Эр Манастын кырк баатыр
Кара таандай калмакты
Кайра айдап сапырды.
Калмак качып, бириндеп,
Жайнап калган кези экен,
Баякы Манас көк жалың
Айдап калган кези экен.
Түзөңдүн баары чаң болду,
Колоттун баарын карасаң"
Коркурап аккан кан болду.
Каарды Манас баштады,
Жолоюнан бөлөгүн
Жолго кырып таштады.
Кечээ томуктай жерде тоо жок,
Тоңкоё кирер коо жок,
Буурусун тийген чийин жок,
Суур казган ийин жок
Айдай сары талаада
Түгөнгөн тоонун урчукта,
Дүмүрөйгөн тумшукта,
Оргуп туман бөлүнөт,
Он эки жайсан, ээрчиткен,
Ойрон Жолой көрүнөт.
Жетик Жолой чоң балбан
Кайчы кулак Каман алп
Караан кылып айдаптыр,
Жолдошко бекем шайлаптыр.
Кара болот ооздук
Көмөкөйдө карсылдап,
Жолум үйдөй чоң туяк
Шилтесе жерге тарсылдап,
Ачбууданга камчы уруп,
Эми Жолой алкынып,
Төбө чачы сүксөйүп,
Жеп ийчүдөй үксөйүп,
Качырган каман төштөнүп,
Алуучу аюу көздөнүп,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Акыр сунган найзасы
Карагайдай көрүнүп,
Мурунунун такоосу
Сеңирдүү тоонун баткалдай,
Бир бетине Жолойдун
Он эки шибээ, кырк манжуу
Ордо атышып жаткандай.
Бир көзүнө карасаң,
Бакалуу көл-буткулдай,