Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени
Өлө берсин көп балбан.
Капаланба сен Жакып,
Кармалашып көрөбүз,
Каза жетсе, өлөбүз.
Эрте өлгөндүн бирибиз,
Ит урушун салалы
Берен Манас балаңы,
Белге таңуу кылалы.
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзамдын гүлү учкуча,
Мыктап алты ай урушуп*
Жыйгандын баарын чачалы,
Жылыштаа жүрүп олтуруп,
Бул Алтайдан качалы.
Эми көп кечигип нетели,
Кыргын таппай калган жан
Кыргызга жете кетели.
Кылдыратпай уук чечип,
Шылдыратпай суу кечип,
Узун жол басып өтөлү, Жакып.
Карасам, журтуң эскирди, Жакып,
Дагы кандай бир шумдук күтөлү,
Жакып?
Кыргыздан бөлөк калууга
Сенин курган жаның түтөбү,
Жакып?".
Аны мындай таштайлы,
Дөөдүр алп барган калың кол,
Ошондон кабар баштайлы.
Жеткен экен чоң Дөөдүр
Түркүгү алтын чатырга;
Кирген экен жүгүнүп,
Дөңгө, Жолой баатырга.
Чатырга чырак жагылып,
Казандап, каптап көп улук
Чоң Дөөдүрдү көргөндө,
"Кызыталак буруттун
Ок өтпөгөн тону бар,
Ок жетпеген аты бар.
Бет алып пенде барабы
Берен Манас бурутка?
Беттешкен аман калабы
Манас менен кармашса?
Каарды катуу баштады,
Эки жүздүн баш-башын
Ышкындай үзүп таштады.
Орой чоку баш ооруйт,
Өлчөлүү жердин баары ооруйт.
Кыймылдарга алым жок,
Кайра барсам бурутка,
Ошол бурут деген журтка,
Чамаа кылар чагым жок.
Чамаа чарчап, ал кетти,
Бүткөн бойдун баарынан
Диркиреп кара кан кетти".
Дөөдүр минтип турганда
Дөңгө чыгып күүлөнүп,
Жолой чыкты сүйлөнүп:
"Кызыталак буруттан,
Бурут деген журуттан,
Коркупсуң көзүң жумулуп,
Баатыр Жолой, эр Дөңгө
Чаба жүргөн бу бурут,
Айтышканда сөз бербей
Ала жүргөн бул бурут.
Он экиде бала экен,
Манасын байлап алалык.
Колго тийсе атасы,
Курмандыкка чалалык.
Кадырлуусун кырабыз,
Кызыталак бурутту
Кара элечек кылабыз*!".
Деп ошентип эр Жолой
Калың колду шаштырып,
Алдындагы Ачбуудан
Ойку-кайкы бастырып,
Чыңыроо* тартыш жез найдан,
Чымчык учпас кең сайдан,
Кол-кошууну козголуп,
Куп жөнөдү бул жайдан.
Кыргыз бүткөн жыйналып,
Өрдөп конуп алыптыр;
Акбалта, Жакып айылы