Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши
Этеке конок салыптыр;
Качырлардын бирөөн
Эптеп кармап алыптыр.
Эң учунда арыктын
Арык казган адамдын
Элүү-кыркы жүрүптүр,
Байдын эптеп чыкканын
Баятан көрбөй калыптыр.
Качыр кармап жүргөндө
Карасын көрө салыптыр.
"Кайдан келген адам?" - деп,
"Кууп кармап алам" - деп,
Кужулдашып калыптыр.
Алардан качып озунуп,
Ак куудай мойну созулуп,
Бай кыраңга чыгыптыр.
Экөө, үчөө таш менен
Байды кырдан уруп жыгыптыр.
Кайра Кашкарга кетчү жолунан
Аркылар тосуп алыптыр.
Аргасы жок Байыңыз
Аскердин арка жагынан
Наалып жолго салыптыр.
Жүрө берди аяңдап,
Жерге буту салаңдап,
Качырып коюп кулакка,
Келаткан кези бу жакка.
* * *
Муну мындай таштайлы,
Эми Жакыптан кабар баштайлы:
Куучунак менен болкоюп,
Абаңыз Жакып золкоюп,
Атына минип алыптыр,
Аралдан чыгып барыптыр.
Алты күнү жол жүрүп,
Нескара келип калыптыр,
Эл карасын көргөндө
Эси чыгып бугуптур;.
Алиги келген аскердин,
Арт жагын байкап туруптур.
Аскердин арка жагынан
Элес-булас бир караан
Эми Жакып көрүптүр.
"Жалгыз, жарым жан экен,
Жалгыз жүргөн бу да бир
Мээнеттүү мендей чал бекен?
Ким экенин билейин,
Кебин угуп көрөйүн"'.
Туучунак менен жол тосуп,
Жалгызга жакын келгени.
Буурул сакал бу Жакып
Алыстан салам бергени.
"Аман-эсен баатыр - деп
Бай сурады Жакыптан,
Ким болот сенин атың?" - деп.
Эми Жакып кел айтат,
Менин, жайым ушул деп айтат:
"Түлкү атабыз Төбөй, дейт,
Берки атабыз Көгөй, дейт.
Көгөйдөн болгон Ногой, дейт.
Өз атабыз Ороз, дейт".
"Аым Жакып" дегенде,
Айтып кабар бергенде,
Бай бакырды "баа!" - деди,
"Өткөн экен дүнүйө-ай,
Өмүрдүн баары, аа, - деди. –
Бала бойдон сен элең,
Баарыңардан улууңар -
Бай деген агаң мен элем,
Куйругу болсом, жал элең,
Куруп калсын дүнүйө,
Сен анда жанымда жапжаш бала
элең.
Арадан канча жыл өттү,
Акыл тайып күч кетти.
Өөдө болсом, өбөгүм,
Алдейлеген бөбөгүм,
Тайгылганда жөлөгүм.
Айдоосу менен улуктун
Айдалып барып думуктум.
Алоокенин тушунда
Айдоого келдиң ушунда.
Орозду уулуң бөлгөнү
Куруган жаным өлбөдү.