Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

Ал арыкты каздырган

Нескара деген дөө болгон.

Көлүгүнөн айрылып,

Көп адамдар жөө болгон.

Боз талааны алкымдап,

Байкуш Бай муну билбеген,

Барып калды салпылдап.

Чалга көзүн салганы,

Чапа кармап алганы.

Жер чалам деп желигип,

Бай балеге калганы.

Байдын атын союшту,

Байкуш кылып коюшту.

Кетмен берди колуна

(Кептин кара соңуна),

Чалга арык каздырып,

Чарчадым"- десе, түк болбойт

"Чап бачым" - деп шаштырып.

Эки жарым күн болду,

Чалдын аты ким болду.

"Чамам калбай калды" -деп,

Чал суналып тим болду.

"Чал жыгылды көргүн,-деп,

Арыктын сүйрөп кырына

Топурак үйүп көмгүн"-деп.

Кырга сүйрөп салганы.

Көңдөйүнөн кырчындын

Чалдын көөдөнү ачык калганы,

Көрүп жаткан көзү бар,

Көкүрөктө эси бар.

Багы ачылып бул чалдын,

Башына бак конуучу кези бар.

Арык ээси Нескара

Чабдар аты бар экен,

Уламыштан кеп уккан,

Укмушу артык жан экен.

Нескара кебин элге айтат,

Арык чапкан жерди айтат:

"Алтай-Тоону жердеген

Тумөндөгөн жылкы бар,

Түбүң түшкөн буруттун

Толуп жаткан мүлкү бар.

Чоң Алтайдын бетинде,

Чоң Дабранын четинде

Манас деген бала бар,

Акылы жарым чала бар.

Өнкөй балдар кашында,

Быйыл он үч жашында.

Мен ошого барамын,

Тийип жылкы аламын.

Атакеси Жакыптын

Эшектей кардын жарамын.

Жалгыз туума Манасты

Тирүү байлап саламын.

Балтыр эти толо элек.

Балбан чагы боло элек,

Чаң көзүнө толо элек,

Чабышка камбыл боло элек,

Уюган чаңга кире элек,

Уруштун ыгын биле элек.

Чоңойсо, келер жерине,

Чачылган бурут элине,

Балтыры сыйса жерине,

Балакет болор көбүнө.

Азыр Манас баралы,

Айдап жылкы алалы.

Алышам десе биз менен,

Тындым кылып салалы.

Бейкут жаткан болобу,

Бекер этке тоёлу,

Ээликкен Манас баланын

Эртелеп көзүн оёлу!

Алыска сапар жол алып,

Аттанып калды Нескара,

Калкыган калың кол алып

Аны таштап салыңыз,

Көмүлүп жаткан Бай байкуш,

Андан кабар алыңыз.

Арыкта жатып Бай аке,

Нескара кебин угуптур.

Адамдын баары кеткен соң,

Аш бышымга жеткен соң,

Бай көмгөн жерден чыгыптыр;

Жан-жакка көзүн салыптыр.

Жаргак деген колотто,

Алты качыр, төрт эшек

Баягы аттанган жоодон калыптыр.

Бай барпайып барыптыр,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.