Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

Ошондон бери зарданып,

Ушуну көзүм көргөнү.

"Күйөрүң - Байың мен элем;

Сенден калып айрылып,

Күйүткө баткан жан элем.

Чарчасам, минер бурагым,

Ташка салсам, туягым,

Жобогонуң* көп белем,

Карып калган сыягың,

Чын айттыңбы Жакып?* - деп,

Айгайды Байы салганы.

Агасы Байды көргөндө,

Жакып атынан түшүп алганы.

Айрылганы алардын

Аябай көп жыл болуптур,

Аккан жашы экөөнүн

Коюнуна толуптур.

Бай олтуруп кеп сурайт,

"Балаң барбы?" - деп сурайт.

Жакып балам бар, - деди,

Жараткан болсун жар, - деди.

Эл-журтумдун жогунан

Дүнүйө мага тар, - деди.

Келиниң бар боюнда,

Дагы, кенелем деймин оюмда".

Анда туруп Бай айтат

Жакыбына жай айтат:

"Кайгы менен жүрүпсүң,

Карыганда бала көрүпсүң.

Жакып сенин жанагы

Жалгызың аты ким эле?".

Байга Жакып кеп айтат:

"Аты Манас" - деп айтат.

"Айткан оозго толуптур,

Аты жакшы болуптур.

Колдой көргүн арбак!" - деп,

Колун жая салганы.

Эзилишип эки чал,

Эси кеткен Байыңдын

Эми эсине түшө калганы:

"Өлтүрөм деп Нескара

Манас деген баланы,

Аябай аскер мол алып,

Ангире* жолго салганы,

Нескара деген эр экен,-

Эгер беттешкен киши соо болбойт.

Пейли катуу неме экен.

Эми кагылайын каралдым,

Сен көрүндүн көзүмө,

Манас деп тикти казатын,

Ынангын ушу сөзүмө!".

Жакыптын айтып агасы,

Муну уккан соң Жакыптын

Дирилдеди жакасы.

"Аттаналы, чабалы,

Айылды ылдам табалы.

Ары-бери камданып,

Адам жыйнап алалы".

Аны ойлонуп Жакып чал,

Ашыкканын карап ал.

Жергелеш тууган кыргызга

Жетип кабар салыптыр,

"Жоо жергеге келди" - деп,

Жакыптын үрөйү учуп калыптыр.

Жаңыдан келген тууганы

Бай Жакыпты мааналап,

Бир жыл болду турганы.

Бир азырзак түтүнү

Каңгы деген калк эле,

Каңгылардын ичинде

Чегиш деген алп эле.

Уругу кыргыз калчадан

Ушунда бар канча жан

Угузуп кабар салыптыр.

Уйгу-туйгу баарысы

Убарага калыптыр.

"Узак жолго барсын" - деп,

Баягы карып калган Балтага

Дагы буйрук кылыптыр.

Баягы манжуудан келген калмагы,

Эки жүз токсон түтүнү,

Булар да күтүнүшүп калганы.

Канатташ турган казагы

Кабарын угуп турганы.

Балта чал байкуш кетиптир,

Алты күндүк жерлерге

Ара конбой жетиптир.

Жолдогу кыргыз, казакка

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.