Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши
Күлдү колун жапырып,
Күлдөн бетер сапырып,
Нескаранын колунун
Жолун бууп алыптыр,
Арыстан Манас баатырың
Айкырыкты салыптыр.
Жарым күндөй болгондо,
Камбардын уулу Айдаркан -
Алтай казак калкынан
Ашкере баатыр бул бир жан -
Айдаркандын Көкчөсү
Кырк жигиттин башы экен,
Он алтыда жаш экен.
Аты Көкчө коюлган,
Ак тасмадай чоюлган,
Көргөндүн көөнү тоюнган.
"Жаке, Жаке, Жаке - деп,
Көкчө жекеге чыгып туруптур.
Жекесине келе албай,
Кытайды кудай уруптур,
Арданган бойдон Нескара
Чабдарга камчы салганы,
Кыргызды көздөй бет алып,
Качырып кирип барганы.
Аркасынан анын да
Чаң созулуп калганы.
Аймаңбоз тулпар мингени,
Бала Манас туйгунуң,
Эми Нескара көздөй киргени.
Беттеше албай Нескара,
Айлана качып калыптыр.
Аймаңбозун кындыйтып,
Ак найзасын зыңкыйтып,
Манас артынан түшүп алыптыр.
Нескаранын Чабдарат
Шайтандай учкан мал экен.
Канаттуу куштай сызылып,
Жөнөп калган чагы экен.
Качып жүрүп муну айтат,
Калкынын баарын муңайтат:
"Кабылан жолго жатарбы-ай,
Катыларга катылбай,
Кадемим мындай катарбы-ай!
Жолборс жолго жатарбы-ай,
Жолугарга жолукпай,
Жолум мындай катарбы-ай!".
Буркурап, коркуп, Нескара,
Бул сөздү айтып салыптыр.
Колуна түшкөн кыз-келин
"Кутулсак экен мындан" - деп,
Кужулдашып калыптыр.
Аймаңбоз менен жетерде,
Манас ыргыта коюп кетерде,
Нескара элге кеп айтат,
"Эсен бол калкым!" - деп айтат.
Чабдарга камчы салганы,
Каканчыга качмакка
Эми ойлонуп калганы.
Аймаңбозун чуратып,
Артынан Манас жеткени.
Алтын кемер чети деп,
Айдалынын бети деп,
Сыр найза сайып өткөнү
Манас эки жанчып, үч сайып.
Үзөнгүдөн бут тайып,
"Аман болгун элим, - деп,
Талкаланды белим, - деп,
Азап айдап бул жерге,
Ушуну үчүн келдим"- деп,
Октой болгон Чабдардын
Оозун жыйып алыптыр.
Чаңшуур шаар балбаны
Чыга жаздап далдалы,
Четиндүү кыя чер менен,
Кийик баспас жер менен,
Өөдөнү көздөй салыптыр.
Каркап* күчү толбогон,
Каран калган Аймаңбоз,
Өөдөдөн өксүп калыптыр.
Өңгөчө буудан Чабдарат,
Булуттуу көктүн астынан
Муңдуу чөптүн үстүнөн
Буркурап учуп алыптыр.
"Жер түбүнө кирсен да,
Артыңдан Манас жетем, - деп,