Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

Бала көзүн салганы.

Басып чыгып дөбөгө,

Бир кыйкырып алганы.

Кыйкырыгын карасаң,

Беш күндүк жерге угулду.

Такырда көп кулжанын

Түгү калбай жыгылды.

Кулжанын баары өлгөнү,

Өлгөнүн Манас көргөнү.

"Атайын, залым экен, - деп,

Атпай койсом, бекер" - деп,

Арыстаныңдын Аккелте

Ортосу болот, оозу албарс,

Түтүнү туман, түбү асман,

Кароолу тажаал, огу ажал,

Асынып жүрсө Аккелте,

Ачууланса койчагыр*,

Чындаганда замбирек,

Шай колдогон бадирек* —

Мылтыгын колго алганы.

Көк милтени тутатып,

Бетине бала кармады:

"Өпкөсүнүн тушу - деп,

Өлчү жери ушу" - деп,

Аккелте менен бир койду, -

Көк түтүнү булады.

Көтөрүлүп көк ташка

Алты аркандын боюндай

Асманды көздөй чурады.

Как Манастын үстүнөн

Түшүп жерге сулады.

Кыйкырыкты баягы

Жолдоштору угуптур.

Угуп эси чыгыптыр.

Анын арка жагынан

Айбаттанып чаңырган

Аккелте үнүн угуптур.

"Атты бирөө мылтык" - деп,

Таңыркашып туруптур.

Алигинин өлгөнү,

Өлгөнүн көзү көргөнү.

Басып келип баатырың,

Ач албарс менен бир чаап,

Белинен эки бөлгөнү...

* * *

Баягы кытайдан келген он бири

Манас, Манас деген сөз

Кулагы аны чалыптыр.

"Кайда Манас деген?" - деп,

Издеп келип калыптыр.

"Манас бизге табылды,

Абийрибиз жабылды.

Азыр токтоп нетебиз,

Айдап алып кетебиз".

Бая улуктан келген кишилер

Манаска көзүн салганы,

Мустайып карап калганы.

Алтоо эле жолдошу,

Арыстан Манас жолборсу:

"Атамды сурап нетесин?

Алпарайын атама.

Айттырайын тобоңу

Өзүң кылган катаңа.

Он бириң мындай жүрүңөр,

Орчун дөөтөт сүрүңөр!".

Ара конуп, айлына

Алып Манас барганы.

"Атам Жакып келсин" - деп,

Айтып кабар салганы.

"Кандан келген элчилер,

Манасты кармап алды, - деп,

Балакетти салды" - деп,

Жакыпка кабар угулду.

Чоочугандан Жакыптын

Жүрөгү оозго тыгылды.

Айлынын баарын жыйнады,

Жакыпты кудай кыйнады,

Наалыш кылып ыйлады.

Бай абасы Акбалта,

Жакып баштап карысы,

Бердике баштап, - баарысы

Белден ашып барышты.

Берен Манас бар болсо,

Бере койбос намысты.

Түптөн келген он бири

Дөөгүрсүшүп калыптыр.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.