Яндекс.Метрика

Манаска тизгин берилиши

Көпчүлүк ичин жыйбады,

Өңгөсүнүн баарысы

Бир-бирине кыйбады.

Калктын баары күңгүрөп,

Кайраттанып дүңгүрөп,

"Көпчүлүк ою тынды, - деп,

Көтөрөлүк канды" - деп,

Алты кулач ак кийиз

Астына алып салышып,

Арыстан Манас баланы

Акбалта менен Айнакул

Жетелешип алышып,

Казак, кыргыз чогулуп,

Калмак, маңгул жабылып,

Ак кийизге Манасты

Олтургузуп алганы.

Журт көтөрүп калганы,

Алиги турган жыйынды

Жети айлантып барганы.

Ороздунун көк туусун

Эми Жакып оболотуп аштады,

Тойду жаңы баштады.

Оңолду Жакып карыя,

Абалкы пейлин таштады.

"Кайрат кылчу душманга

Манаска бийлик бердик" - деп,

Келгендер кетти жайына

"Кандуу журт болуп калдык" - деп.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.