Манастын бала чагы
Абышка шашып калды эми,
Темир таман үзөнгү
Теппей чуркап минди эми.
Көк айгырды камчылап,
Жаагынан кан тамчылап,
Калмак кетти жолуна;
Кой башчысы Ошпур бай
Кыдырып келди коюна.
Дөбөгө чыгып караса
Көгөрүп түтүн бөлүнөт,
Козунун көбүн бул Манас
Кырып салган көрүнөт.
Козудан тандап союшуп,
Кужулдашкан бул балдар
Этти шишке сайып тоюшуп,
Кунан чаап ойноп бакырып,
Бакырганын. байкасаң,
"Манастап" ураан чакырат,
Балдар тиккен алачык
Бир короонун козусу
Кен-кесири баткандай,
Бир капшытта кырк бала
Манас баштап кужулдап,
Ордо атышып жаткандай.
Кара чаар кабылан Кадимки
Манас баланын
Капталында чамынат,
Чолок көк жал арыстан
Ошпурду жара тартчудай,
Бет алдында камынат.
Ошолорду көргөндө
Боконо сөөгү болкулдап,
Боор ичеги солкулдап,
Билегинен сап кетти,
Ошпурдун жүрөгүнөн кап кетти,
"Бул Жакыптын жинди уулу
Билеги жоон таш жүрөк,
Пил мүчөлүү бадирек*,
Жетилип калган кези экен,
Эми жергеме салат чоң дүмөк.
Өз билгенин талаада
Кылып салган турбайбы,
Козунун баарын окшотуп,
Кырып салган турбайбы.
Бул жерде туруп нетейин,
Балаңды тыйып алгын деп
Береним Жакыпка эми жетейин!".
Муну ойлонуп Ошпурбай
Жакыпты көздөй дыр койду,
Жан аябай чу койду.
Жакыбынын үйүнө
Барып түштү Ошпурбай.
Балакеттүү шумдук сөз
Салып түштү Ошпурбай.
"Жакып, балаң өңдүү жан болбос,
Жанындагы жолдошу
Жаланып турган сур жолборс.
Кырк баланы жолдошко
Кыран уулуң жыйыптыр.
Короосу менен жуушатып,
Козуңду минтип кырыптыр.
Этке тойгон кырк бала
Жөө кунан чаап бакырат,
Астыга чыгып келгени
"Манастап" ураан чакырат.
Уулуңдун аты "Чоң Жинди",
Мунун Манас атын ким билди!
Элдин мыш-мыш кеби бар,
Жылкычы башы Чоңканжар
Аны да Манас шум уулуң
Өлтүрүп салган чени бар.
Балаңды тыйгын, тилимди ал,
Менин айтканым ушул, билип ал.
Мына ушундай деди да,
Ошпур кайра чапты малына.
Ошондо асыл катын Чыйырды
Ак тамагын кылайтып,
Акырын сүйлөп муну айтып:
"Боздон тоодак куткарбас,
Боз ала шумкар Манасым,
Калкайган тоого токтобос,
Кара ала баарчын Манасым.
Адырда аккан булагың,
Айкөл жалгыз чунагың,
Албагын жаман пейлиңе,
Аман жүрсө жеткирер