Манастын бала чагы
Сенин алыста кыргыз элиңе.
Аман болсо Манасың,
Күйүттүү кабак ачылат,
Күйүккөн жүрөк басылат.
Аман болсо Манасың,
Атамдан калган мурас деп,
Кең-Көл, Талас жер табат,
Айланып кыргыз эл табат.
Опосу жок куу малга
Уулум тентек чыкты деп,
Абышкам, мынча муңайба!
Кайгырбагын малыңа,
Кайрат бергин балаңа.
Балаңа кайрат бербесең
Каптал жакта Каңгай бар,
Каңгайда кара калмак бар.
Кайгыланбай кайрат кыл,
Сага түшчү салмак бар.
Сенин кыр жагыңда кытай бар,
Кыйрашчу жооң далай бар.
Маңдайыңда манжуу бар,
"Баягы бурут экен"- деп,
Кызыгып тооруп калчуу бар.
Кызыл-тазыл кырмызы
Кыргагын тартсам бөлүнбөйт,
Кыжылдаган манжуудан
Сага кылчаяр адам көрүнбөйт.
Жашыл ала тал жибек
Жан-жанын тытсам бөлүнбөйт.
Жаң-жуңу келсе жамандап,
Бул калмакта жан коёр киши
көрүнбөйт.
Сан дүйнө малды чачыңыз,
Арка кылып Манасты
Бул Алтайдан качыңыз!
Бул Алтайдан качпасаң,
Коруп алат мал оттогон талааңды,
Кармап кетет өлгөндө көргөн
балаңды.
Кармаса соёт Акбалта баштап
пириңди
Каңгай кагат капкайда кеткен
жиниңди.
Алтын казып, дан айдап,
Алтайга келип турабыз,
Уулуң тентек чыгыптыр,
Эми эмне айла кылабыз?
Айтканым ушул билип ал,
Абышкам, Жакып, тилимди ал.
Ат семирип ык болсо,
Эр семирип бук болсо,
Кочкоруң биттеп ирик кылгын,
Коюңдун баарын түрк* кылгын.
Айгырды биттеп ат кылгын,
Жылкыңды шайдоот бат кылгын.
Өлчөөлө качар чамаңды,
Тилегин тиле баландын".
Чыйырды оозун жыйып алгыча,
Андай-мындай дегиче,
Ошпур келди күүлөнүп,
Одураңдап сүйлөнүп:
"Ордо бузуп, олжо алып,
Же уулуң сени бай кылат,
Омуроо кагып, чыр салып,
Же бул уулуң сени жай кылат.
Элден ушак кеп уктум,
Эчен койчу, жылкычы
Уулун. талаага кырды деп уктум"
Муну укканда Жакыптын
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Көңүлү кетти бөлүнүп,
Тентек уул Манасы
Тегеле көзүнө жаман көрүнүп.
Каарланып Жакыбың,
Калдайып атка минди эми,
Ошпур экөө ээрчишип,
Кой жаткан жакка жүрдү эми.
Сары адырмак урчукка,
Саландаган тумшукка
Салып чыгып караса,
Чоң Алтайдын оюнда,