Манастын бала чагы
Кең өзөндүн боюнда,
Адыр-күдүр баткалда,
Жакыптын кою жатканда,
Оргуп түтүн бөлүнөт,
Кыран Манас, кырк бала,
Атасынын тең коюн
Талаага сойгон көрүнөт.
Мал жандуу экен бай Жакып,
Баарыдан билбес чын жаман
Бадирек экен ал жаман.
Капаланып түктүйүп,
Каарын төгүп үксүйүп:
"Керденге бүткөн Манасым,
Кетирипсиң алымды.
Талаага не деп сойгонсуң,
Жоо ээлеген малымбы?".
Анда Манас муну айтат.
Киши билбес шумду айтат:
"Кокуй, ата,не дейсиз?
Ээсиз малды көп кылып,
Күтүп жүрүп нетесиз?
Не муратка жетесиз?".
Айтып оозун жыйгыча,
Атасын карап тургуча,
Боз ала желек, кызыл туу,
Бойбойлогон ызы-чуу, .
Ак асаба, кызыл туу,
Айкайлаган ызы-чуу...
Манжуунун ары бетинде,
Каңгайдын бери четинде,
Эсен кандын элчиси,
Кара калмак манжуунун
Жер кайтарган ченчиси,
Ушакчыдан кеп угуп,
Белгилүү бурут Жакыптын
Бурулбаган көп малы
Жер отун жеди деп угуп,
Жети асаба туу алып,
Жети жүздөй кол алып,
Жети жүздүн башчысы,
Жеткилеңи чоң Кочку,
Кочку келип калганы,
Калайманды салганы.
Кочку келди короктоп,
Кошоматчы куулары
Аркасында сороктоп,
Эки буту салактап,
Эми өкүм сүйлөйт алактап:
"Кызыталак куу бурут,
Жүргөнүн бузук бу, бурут!
Дегеннме көн, бурут,
Балаң тентек "Чоң Жинди"
Азыр бизге бер, бурут!
Сурагыма көнөсүң,
Айтканымды бербесең,
Кырка тием бээңди,
Чыгара муштайм мээңди!
Береки Алтай бөксөсүн
Жайлап жүргөн экенсиң,
"Баламдын аты "Жинди"-деп,
Падышабыз Эсен кан
Алдап жүргөн экенсиң.
Алтындан тапкан сан кара
Чачайын деген экенсиң.
Кызыталак куу бурут,
Эми качайын деген экенсиң.
Манасыңды бербесең,
Айтканыма көнбөсөң,
Азыр табам жайыңды,
Чыгарамын этиңден
Сөөгүңдөн чыккан майыңды!".
Күрмөчөнүн күлдүйтүп,
Күчөп келип турду эми,
Найзачанын акыйтып,
Адыраңдап турду эми.
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Добулбас үнү бапылдап,
Чыңыроо* үнү такылдап,
Сыр бараң үнү жаңырып,
Элчиге келген камынып,
Эр Кочкусу баш болуп,
Жылкы тийди жабылып.
Бузукту Кочку баштады,
Жергедеки кыргыздар