Манастын бала чагы
Билбегенди билгизген,
Билимдүү экен Акбалта,
Туйбаганды туйгузган,
Туйгун экен Акбалта.
Ак шумкардай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Кара тилин кайрады,
"Манас деп айтпа элге" - элге
Кайран Балга сайрады...
Кайгыланып бай Жакып,
Үйүнө барып ыйлады.
Байбичесин кыйнады:
"Өрүштүн малын жый катын,
Бул балаңды тый катын.
Бул балаңды тыйбасаң,
Бузук салса калмакка,
Кырыша кетсе кытайга
Тирүү кармап алатко?
Зынданына салатко!
Же жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга жарат го!".
Ак байбиче Чыйырды
Анда туруп кеп айтат,
Арман кылбай нени айтат:
"Байым, сен бала үчүн бузба
санааңды,
Оорсуп калган экенсиң,
Сен эми өлгөңдө көргөн балаңды!".
Бөдөнөдөй кайран көз,
Бөлөк-бөлөк жаш кетти,
Карагаттай кайран көз
Камчы бою жаш кетти.
Айтып оозун жыйгыча,
Көздүн жашын тыйганча,
Койчу башы Ошпур бар,
Ошол Ошпур келиптир.
Келгенин байбиче туруп
көрүптүр.
Бөлөккө бурду санааны,
Ошпурга Жакып карматты,
Аты "Чоң Жинди" деген баланы.
Чыйырды ыйлап, чыркырап,
Мойнуна курун салынып:
"Ошпур, бизде дүнүйө далай,
бала жок,
Өлгөндө көргөн бул бала
Тентегин тыяр чараа жок.
Төбөсүнө калмактын ташын тага
көр
Аманат койдум колуңа,
Дагы бир төрт жыл бага көр".
Ошпурга Манас барганда
Кызарып күйгөн чок чыкты,
Кара кытай, манжуудан
Мындай тентек жок чыкты.
Колотто жүрүп ой кылды,
Кырк бала жыйнап талаага,
Койду союп той кылды.
Торпок минип топоңдон,
Толгон бала чогулду.
"Чоң Жиндиге" көп үйүр
Болгон бала чогулду.
Ошол кезде "Чон Жинди"
Он эки жашка келиптир.
Ок өтпөстөн тон кийип,
Жылкыдан Аймаңбоз өндүү ат
минип,
Эми эргичүү чагы келиптир.
Төрөм деп айт мени"- деп,
Өзүн-өзү билдирип,
Билгендерди күлдүрүп,
Айталаага кырк таман
Кадимки ордо чийдирип,
Ошпур баккан көп- койдон
Жүз козусун союптур,
Баатыр" деп айткын мени -деп,
Баглан козу, ширин баш
Бор кайнатып* коюптур.
Кен Алтайдын баткалда,
Күн кылкылдап батканда,
Жан-жаныбар, макулук "
Кыймылдабай жатканда,