Баатырдын торолушу
Камборбоздун үйрүнөн
Кармап берди тогузду.
"Ай талаада нетели?
Аттангын, үйгө кетели.
Байбиче көздөй жүрөлү,
Баласын барып көрөлү".
Акбалта, Жакып ээрчишип,
Айлына кайта барыптыр.
Аңыртка кеткен кырк киши
Алардын астынан чыгып калыптыр.
Сүйүнчүлөп кыйкырып,
Жолун торгоп алыптыр.
"Кай бириңди ылгайын,
Жакыныңды, жатыңды,
Өз-өзүңөр алыңар
Минген-минген атыңды.
Аттан куру калганын
Айт кудайга датыңды".
Жакыптын үнүн укканы,
Катындар тосуп чыкканы.
"Бешик боосу бек болсун,
Кундагың боосу кут болсун!".
Айтып Жакып бул сөздү
Үйгө кирди бүгүлүп,
Баласын алып болукшуп,
Байбичеси толукшуп,
Олтурган экен сүйүнүп.
Бай Жакып шондо кеп айтат,
Бакдөөлөткө бек айтат:
"Байбиченин баласын
Алып келчи!"—деп айтат.
Бакдөөлөт барып кол сунду,
Байбиче берип озунду.
Кучакта бала туйлады,
Кубанып Жакып ыйлады.
Баланын үнү баркырап,
Айбатынан атасы
Бүткөн бою калтырап,
Байбичесин карады,
"Берсең эмчек нетти,-деп,
Бир баланы тойгузбай,
Пейлиң кандай кетти?"- деп.
"Жакшы эле менин сүтүм,- деп,
Эки сорсо эмчектен
Немесин койбойт бүтүн,-деп.
Эң ачкараак балаң бар,
Тамагына күтүн" - деп,
Чыйырды айтып калганы.
Байкайын деп баласын
Атасы көзүн салганы.
"Мандайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш.
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча*, көзү тик.
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрды калың, көзү үңкүр,-
Эр мүнөзү көрүнөт;
Алакан жазык, кол ачык,
Аттанып чыкса, жол ачык,-
Алп мүнөзү көрүнөт.
Кен көкүрөк, жайык төш,
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заары күч,-
Пил мүчөсү көрүнөт.
Жолборс моюн, жоон билек,
Бөрү кулак, жолборс төш,-
Бөлөкчө түрү бар экен.
Кут кылган болсо кудайым,
Кудайдан жашын сурайын,
Кеткенден алар кегимди,
Кек алганын көрөрмүн,
Кетирбесе эбимди.
Өткөндөн алар өчүмдү,
Өч алганын көрөрмүн,
Өлтүрбөсө өзүмдү".
Баштагы мүнөз жоголду