МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫНА ТОЙ КЫЛГАНЫ
Коңур бий келип акырды,
Коржоңдогон бу доңуз
Не болду деп бакырды.
Айкырыгын укканда
Арам өлгөн Акбакай
Коёндой кулак жапырды,
Даңканды көккө сапырды.
Кулжага келген сүрөөсү,
Кумдуу сары талаада
Кудай колдой көргүн деп,
Кужулдаган көпчүлүк
Кытай алса бекер деп,
Кызыр бизден кетер деп,
Каңгай алса бекер деп,
Касиет бизден кетер деп,
Желтаман менен Суркийик,
Бирөө алса экен деп,
Ат сүрөгөн адамдар
Жетпей келет тепеңдеп.
Байгеге жакын калганы,
Башын чайкап Желтаман
Басууга келбей калганы.
Багыштын аты Суркийик,
Барып тууга бир тийип,
Жедигер аты чыкканы,
Желектүү тууну жыкканы.
Багыштын аты чыкты деп,
Бай Жакып туусун жыкты деп,
Тойго келген көп элге
Азыр болду ошо кеп.
Орто-Азия, күн батыш,
Озуп аты келген соң
Эми осолдук болор тим жатыш.
Айры өркөчкө төө чалды,
Ай туякка бээ чалды.
Тууганым Багыш соогат деп,
Душмандын баарын жогот деп
Бай Жакып байге башында,
Бая Балта чалы кашында.
Отуз бир атта байге бар,
Ойротто мындай кайда бар.
Отуз бир ат байге алыптыр,
Акбалтанын Көк чолок
Отуз бир болуп калыптыр,
Алты кара, сексен кой
Акбалта айдап алыптыр.
Соогат дедиң байым деп,
Айтарга менин жайым деп,
Беш жүз жылкыңы өзүң ал,
Кой дегениң канча мал,
Айдаарга бизде болбойт ал.
Кут кылсын кудай тоюңду,
Өзүң алчы коюңду.
Беш жүз кызыл нарыңды,
Эсеп кылып санап бер
Эки төө алтын зарыңды,
Аксакалым ат минсин,
Топ башылар тон кийсин.
Айылдан келген адамдар
Алтынды сатып пулдасын,
Арам жемсөө жигиттер
Бирин-бири бурдасын.
Наадан адам билбейт го
Акыр ушу жалганда
Өмүр сүрүп турбасын.
Аны айтып эр Багыш
Келди Жакып байына.

