МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫНА ТОЙ КЫЛГАНЫ
Балкыта бир той кылайын,
Бар кудайым жалгады.
Аябай бир той кылууну
Бай Жакып эсине алганы.
Ойротто мындай ким болгон,
Ошо кезде жылкысы
Эсеп кылып санаса
Отуз сегиз миң болгон.
Арбын малым Алтайда,
Канча малым Кан тоодо,
Жылкымдын чети Шыйкууда.
Коюм сексен миң экен,
Конушум Кара-Шаарда,
Жакшы бир той кылайын
Жаздын алды баарда *
Кулан жайлак, Куу-Тезде
Кур атым жатат бу кезде.
Чыландын башы Чөңөр-Жар,
Аз болгондо алты миң ашык төөм бар.
Карагайлуу Камбылда
Кар баспаган Жамбылда
Өзөнгө жайсам толду эле,
Жеке өзүмө караган
Жети миң уй болду эле.
Баарына кабар салайын,
Малымды жыйып алайын.
Азыркы турган аз кыргыз
Алы келип күтө албас,
Анжыян менен Ташкенге
Аларга кабар салайын,
Ага-инимдин баарысын
Бир чогултуп алайын.
Кашкар деген кыштакты,
Кабак-Арт менен Сары-Колдо
Кабырга тууган кыпчак бар,
Кашыма жыйып алайын.
Алчын, үйшүн, найманды,
Абак, тарак, аргынды,
Айтайын тойго барууну
Уругу тыргоот калмагы,
Ушу балам тууганы
Укпай киши калбады.
Маңгулдун жыйып баарысын,
Кытайдын жыйып кыйласын,
Сарттын алып санатын,
Талыганча канатым
Казынамды ачайың,
Кара малды чачайын.
Күмүшүм жатат таш болуп,
Күрүчүм жатат аш болуп,
Күлүгүм семиз мас болуп,
Күлүктү таптап минүүгө
Күрдөөлдүү кыргыз аз болуп.
Алтыным жатат таш болуп,
Амбарда буудай аш болуп,
Аттарым семиз мас болуп,
Аттарды таптап минүүгө
Айлымда кыргыз аз болуп,
Кордугун көрүп кытайдын
Конушун кошпой куруду,
Коңшу болуп маңгулга
Кор болду ногой уругу.
Орозду калды Ополдо,
Бай калды башкы Сугумда.
Көз камандын балдары
Көйкапка жакын барганы,
Көрө албай бизди калганы.
Көрүндү көзгө, ойлосом,
Бу дүнүйө жалганы.

