МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫНА ТОЙ КЫЛГАНЫ
Бейшембинин күнүндө
Берсе кудай тилегим
Алтымыш ак боз бээ алыңар,
Камбар боздун үйрүнөн
Кармап келип чалыңар,
Кабыл болсо тоюңар,
Эки миң эркек коюм бар,
Эбактан бери бу тойго
Атап койгон оюм бар.
Элүү бордоку өгүз бар,
Немесин койбой союңар,
Ага-ини туугандар
Аламанды коюңар.
Төрт жүз төөгө арттырган
Мөмө-чөмө жемиши,
Баары келди жыйылып
Телегейи тегизи,
Алты жүз атан төөгө
Аппак күрүч арттырды,
Кытайларга ылайык
Кырк миң чанач меш * менен
Кара мейиз салдырган
Кызыл арак тарттырды,
Кыларына келгенде
Кызматын журттан арттырды.
Жети жүз очок ойдурду,
Жетимиш үйлүү кыргызын
Эт башкартып койдурду.
Алты жүз аргын, найманды
Эт тартууга жайлады,
Калмакка казан астырды,
Жер очоктун баарысын
Жергенттикке каздырды.
Дутар менен комузун,
Колуна алып чертишип,
Отуз үйлүү нойгуттук
Отун жарып кэртишип.
Сурнайды суулап тартышып,
Ырчылар ырын айтышып,
Кош башчылар баарысы
Коно турган жерине
Кой өңөрүп кайтышып,
Колго келген маңгулдар
Падыша экен Жакып деп
Кошоматын айтышып.
Кытайдан кырк миң кол келди,
Кылжылоолу ойроттон
Туушаң төрө зор келди.
Калмактан канча кол келди,
Казак, кыргыз мол келди,
Дүйнөнү басып кол келди.
Ногойдон калган кызыл туу
Оболотуп аштады,
Оюнду жаңы баштады.
Карасман калмак балбаны
Казактын Калдар бөкөсү *
Каршы алдына барганы,
Кармашкан жерден эр Калдар
Каптай камтып алганы,
Калдайтып барып калмакты
Кара жерге салганы.
Апыраңдап көп казак
Айгайлашып калганы,
Алты жылкы бир төөнү
Байгесине алганы.
Маңгулдан Чокон дөө чыкты,
Ат минбеген жөө чыкты.
Аты Чокон балбан деп,
Беттешкенин алган деп,
Намыстанып маңгулдар
Айбаттуусун салган деп,
Түгөлбай аттуу балбан деп,
Бу сүрүшкөнүн алган деп
Каалады калкы баарысы,
Жашы менен карысы.
Чокон дөө келди күркүрөп,
Оозунан түтүн буркурап,
Маңгулдун баары чуркурап.
Балбандык киймин кийинип,
Бабасына сыйынып
Байтүгөл басып барганы,
Барган жерден бу экөө
Багалектен кармады,
Күрөштү экөө салганы.
Билектешип калганы,
Бир жулкканда Байтүгөл
Билегин сууруп алганы.
Эрдемсинген Чокондун
Байтүгөл колун кармады,
Балбансынган баатырың
Сууралбай колун калганы.
Колун кошуп Байтүгөл
Бел боодон барып кармады,
Мен-менсинген чоң Чокон
Бери бакпай калганы.
Калың журт карап турганы,
Калдайтып келип Чоконду
Байтүгөл кармап урганы.
Балбанды Түгөл жыгыптыр,
Алты сыйыр*, беш жылкы
Байгесин алып чыгыптыр.

