МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫНА ТОЙ КЫЛГАНЫ
Кызыл чок кытай журтунан
Күнөс деген бир балбан
Күрсүсүн алып колуна,
Күндөй болуп күркүрөп,
Төгөмүн деп каныңды,
Кыямын деп жаныңды,
Кетирем деп саныңды
Майданга кирди бакырып,
Кел бери деп чакырып.
Аркы атасы Барак хан,
Өз атасы Камбар хан,
Казактан чыкты мыкты жан,
Өзүнүн аты Айдаркан.
Айдаркан чыкты акырып,
Айбаттанып бакырып.
Кытайдын баары дүргүшүп,
Коркоктору мүргүшүп,
Алтымыш миң аскери
Айгай салып та-та-лап*,
Аламан койду сан талак.
Тойду баштап салдым деп,
Тозокко кандай калдым деп
Бай Жакып шашып анталап.
Казак, кыргыз, өзүбек,
Казатка тууган өзү деп,
Кажылдаган капырдын
Кандай айткан сөзү деп.
Кыпчактардан Эламан,
Кыйыр тууган чечен Таз,
Татарлардан эр Эштек,
Жедигердин Багышы,
Жеткир бийдин Агышы
Маңгулдан алды калысты,
Балбан чыкпай, ат чаппай,
Токтотуп тойду салышты.
Эрегиш болуп эки журт
Эки күн жатып алышты.
Эки күн токтоп жатканы,
Эртеси атты чапканы,
Байгенин башын байлады,
Беш жүз жылкы, бир миң кой
Байгесине шайлады,
Беш кыпкызыл нарыны,
Эки төөгө жүктөгөн
Эсептеп алтын зарыны,
Алты кара, сексен кой,
Байлап берди бай Жакып
Койчу, айткан байгесинин баарыны.
Эки күн атын айдады,
Эл тамакка жайланды,
Үчүнчү күндө аттанып,
Тойго келген көпчүлүк
Куржун-кече байланды.
Атка болжол айтыптыр,
Өгүз-Кечүү, Калкандан
Ошо жерден кайтыптыр.
Эштектин аты Желтаман,
Сүрөгөн экен Эламан.
Арандай оозу ачылып,
Кара болот суулугу
Жерди көздөй басылып,
Даңканы тийген жерлери
Таш да болсо казылып,
Төрт аягы ачылып,
Ооздуктан ак көбүк
Омуроодо чачылып,
Сары кызыл, кара жал
Сайдан чыккан булуттай,
Закымдай учкан кандай мал.
Артынан келет жакындап
Аткан октой бир сур ат.
Аркасынан жакындап
Багыштын аты Сур кийик,
Анда-санда бир тийип.
Анын арка жагынан
Каңгайлардын Карасур,
Анын жүгүрүшүн карап тур.
Анын арка жагынан
Таз чечендин Тоокара,
Семиз экен бечара,
Соорусу көөп солоктоп.
Сүрөөгө кирип болоктоп.
Алардын арка жагынан
Алтайлардын Наркара
Арышын керип адымдап,
Айгайын алтай салыптыр,
Ачып көздү жумганча
Бир тору тай келип калыптыр.
Тай өткөн жашы кунандыр,
Калмактын Каражой деген түндүкчү.
Артынан салып айгайды,
Кунанына кубанды:
Тыргооттук сага нетти деп,
Тырмактай болгон кулунум
Сай тулпарга жетти деп,
Көтөрмөлөй көргүн деп,
Көп тыргоот кандай өлдүң деп.
Аркасынан караса
Анжияндын Акилик
Бакпаягы майышып,
Кабыргасы кайышып.

