МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫНА ТОЙ КЫЛГАНЫ
Улуу бир той берүүгө
Айтып болуп ал сөздү,
Бай Жакып белин байлады.
Чакырууга чыгарды
Таамай отуз кишини,
Чакыргын деди ошону:
Кызыл чок кытай четинен,
Асты киши калбасын
Алтай тоонун бетинен.
Жетип келсин жергенттик,
Тойго келсин тотулук,
Калбай келсин кашкарлык,
Кошо келсин котондук.
Марал башы Долонду,
Басып өткүн олорду,
Самарканды, Жызакты,
Санатын айтып узатты,
Оро-Төбө, Кожентти,
Олуя-Ата, Ташкенди,
Орчун Кокон, Маргалаң,
Иле менен Чүйүнө,
Кабарымды уккандар
Калбасын деди үйүнө.
Туурасы Эртиш суу болсун,
Аягы Орол тоо болсун,
Кара-Кум калмак калбасын,
Кабарсыз жатып албасын,
Бир чети Тибет чөл болсун,
Күн чыгыш жагы кытайдын
Камбылдын Кунар бел болсун,
Чакырарым тоюма
Шондон берки эл болсун.
Той берем быйыл жайында,
Кай жерде деп сураса
Үч-Арал деп дайында.
Төрт жарым айдан калбасын,
Төгүн деп жатып албасын.
Беш айдан кийин калбасын,
Бекер деп жатып албасын.
Өзү келсин өнөрпоз,
Баары келсин балбаны,
Байлап келсин күлүгүн,
Мага салсын түлүгүн.
Ээрчите келсин эшенин,
Четине алсын чеченин,
Кошуп келсин кожосун,
Ала келсин аярын,
Болжоп келсин молдосун,
Мында келип өкүнбөй
Мыктап келсин жолдошун.
Баш байгеге саярым
Беш жүз кызыл нарым бар,
Эки төөгө жүктөгөн
Эндей алтын зарым бар,
Беш жүз жылкы, бир миң кой
Баш байгеде дагы бар.
Аяк жагын сураса
Алты кара, сексен кой,
Арзан десең келбей кой.
Катыным бала тапканы
Калкка берген бу бир той.
Ортосун өзүң ойлоп бил,
Отуз атка байге бар,
Озуп келсе күлүгүң
Ойротто жок пайда бар.
Чакырчууну жиберди,
Жайкай конду шиберди.
Мөмө-чөмө жемишке,
Так жүз киши жиберди.
Төрт миң атан төө менен,
Түнөгөр балбан дөө менен.
Таза болсун тасторкон,
Көпчүлүктөн көп корком.
Бай Жакып баарын күтүнүп,
Байбиче тонун бүтүрүп,
Кедейлер киймин жамашып,
Келиндер чачын тарашып,
Кызматкер киймин жамашып,
Кыз балдар чачын тарашып,
Кызык тойду көрсөк деп
Кылайтпай күнүн санашып,
Азаматтын баарысы
Аргымак жалын тарашып,
Ай кылайтпай санашып.
Күн айланды күзүнө,
Жакып бай жайнай конуптур
Үч-Аралдын түзүнө,
Канды тоонун оюна,
Кара суунун боюна.
Карап тургун калайык
Хан Жакып кылган тоюна.
Жакып бай туун аштады,
Тойду бүгүн баштады.
Ошо күнү бейшемби,
Токсон бээ союп таштады.
Эртеңки күнү жума деп,
Жүз бээни сойду жуда * деп,
Беш жүз бээ соёюн,
Берген соң малды кудайым.
Ишемби сойду элүүнү,
Жекшемби сойду элүүнү,
Дүйшөмбү сойду элүүнү,
Шаршемби сойду элүүнү.

