Сыйда сакал, кер мурут
Он эки миң жигити
Эр Манасты жандады,
Толук жаштуу ак сакал
Тогуз миңи тандалды,
Бай Жакыпты жандады,
Аяк-башын барчасын
Алты күндө камдады.
Байбиче Шакан кудагый,
Барууга болгон ылайык,
Кудагыйдын жолдошун
Тогуз берип тыналык.
Тогуз жүз болду кемпири,
Толуктап баарын келтирди.
Кырк чоронун баарысы,
Кыргыл, Бакай карысы
Кыйырына кабар салыптыр
Бир миңин таштап, бир миңден
Кырк миң адам алыптыр.
Өрүктөн комуз чаптырган,
Үкөктөн капкак жаптырган,
Чарасын терең ойдурган,
Тепкесин тайкы койдурган,
Ичеги кылын тактырган,
Аркы-терки кактырган,
Күүсүн уккан жактырган
Комузчудан жүздү алып,
Кош ооздуу кернейден
Кол ичине үчтү алып,
Сары жыгач кыйдырган,
Саратан күнгө койдуруп,
Усталыктан кылдырган,
Отуз жети жигитте
Сыбызгы менен чоору бар.