МАНАСТЫН ХАН ШАЙЛАНЫШЫ
Жеке Манас баланы
Көтөрүп алып көпчүлүк
Алиги турган жыйынды
Жети айланып барганы.
Жергесинде калайык
Жеттик мүдөөбүзгө деп
Кужулдашып калганы.
Хан өкүмүн тийгизди,
Хан таажысы ушу деп
Хан Манастын башына
Жыгалуу* бөрктү кийгизди.
Ошондо Жакып ой кылды,
Токсон бээни сойдуруп
Тогуз күнү той кылды.
Жергесинде кыргызды
Кызматына тургузду.
Ногойдон калган кызыл туу
Жакыпта калган мына бу,
Оболотуп аштады,
Тойду Жакып баштады.
Оңолду Жакын карыя,
Абалкы бейилди таштады.
Жакыпта дүнүйө мал деди,
Жалпы аламан кара журт
Эл эсебин ал деди.
Алтайлыкты санаса,
Аяк-башын караса
Токсон алты миң болду.
Тобунда мындай ким болду
Хандуу журт болуп калдык деп,
Кабылан Манас баланы
Хан көтөрүп салдык деп
Тогуз күндө той тарап
Үй-үйүнө кеткени.
Талапкердин баарысы
Талабына жеткени.

