МАНАСТЫН ХАН ШАЙЛАНЫШЫ
Алтайдын түзүн басышып,
Кайта келди элине,
Мамырдын сары чөлүнө,
Айдың көлдүн жээгине,
Бай Жакып конгон жерине.
Баары келип калганы,
Баштан аяк көргөнүн
Баяндап айтып салганы.
Эки күн элин өргүтүп,
Үчүнчү күндө эр Манас,
Эркегинин баарысын
Нээти казат караткан,
Ургаачысынын баарысын
Ак түлөөгө жараткан
Камбар боздун үйрүнөн
Кармап келип тогузду,
Баарын бирдей сойдуруп,
Жер очогун ойдуруп,
Алтайлыктын элинен
Ата-уулудан түк койбой
Алды Манас чакырып.
Алтайда жаткан эл деди,
Аяк башың жыйнатып
Эсебиң канча бер деди.
Эл жыйылып келгени.
Башка уруктан маңгул бар,
Баатыр Жайсаң даңгыл бар,
Күлдүр, Калдар беги бар,
Манжурия журтунан
Бала Мажик деги бар.
Баштатан Дөгөн кары бар,
Андан бөлөк быякта
Алтайлыктын баары бар.
Алчын, үйшүн, найман бар,
Аргын Каракожо бар.
Абактардын ичинен
Айдаркан баатыр кошо бар.
Кыргыздардан Саламат,
Кыпчактардан Чечен таз,
Ногой уулу бай Жакып,
Нойгуттардан Акбалта,
Тотудан барган Токтообий,
Лөкүштөрдүн Өмүрзак,
Өзүбектин Дамбылда,
Өткүр чечен Абдылда,
Өз тууганы Акымбек
Өткүрлөр ойло акыл деп,
Туш-тушубуз жоо болду,
Душмандык кылар капыр деп.
Бердике басып безилдеп,
Бекзаадалар келсин деп.
Хан Жакып баштап карысы,
Акылмандар баарысы
Жыйылышып олтуруп,
Тамагын тартып болтуруп,
Карыя Жакып кеп айтат:
— Ханга кылдык кастыкты,
Паашага кылдык мастыкты.
Алтайдагы калмактын
Арбынын айдап жибердик.
Айыл келди каңгайдан,
Аңгир бою Шиберлик.
Эсил менен Нураны,
Эсебин алып туралы.
Барскан менен Сарканды,
Башкарган болуп туралы
Бабыл менен Жарканды.
Аяк жагы Ая-Күз,
Арасында Сары-Арка,
Ары чети Орол тоо,
Эске алып деңиз — көлүнү,
Талашып Иле чөлүнү,
Кытай бербейт деп ойлойм
Анжыян, Кашкар жерини,
Бузук кылсак ашарбыз
Муз дабандын* белини.
Нарын бою узун тоо
Кашкардын чети кызыл тоо,
Карап турсаң калайык
Капырдын баары болду жоо,
Камданбасак болбойт го.
Тукум калбай кырылып
Тумшугубуз катпайлык,
Туйгун минтип жатпайлык.

