МАНАСТЫН ХАН ШАЙЛАНЫШЫ
Кана чыгыңарчы ханыңар,
Чыгым тозор жаныңар,
Чыңданыңар баарыңар,
Калп айтпаган чыныңар
Казатка чыгар тыңыңар,
Кандыкка бириң чыгыңар!
Беттешкен жоого белдүүңөр,
Белдешкен жоого демдүүңөр,
Өткүр чечен тилдүүңөр,
Өкүмөт жөнүн билчүүңөр!
Улуу, кичүү баарысы,
Ушуну айтып салышты.
Хан боломун калкка деп,
Кандай да болсо чыдаймын
Калк башкарган наркка деп
Айтар адам жок болуп,
Акылдашып токтолуп,
Кара журт карап калганы.
Бая аң уулаган сексен төрт
Калкка көзүн салганы,
Камалышың кандай деп
Элден сурап калганы.
Аң ууладык баарыбыз,
Арада жок сиздердей
Ак сакалдуу карыбыз,
Көпчүлүк, сени билбейбиз,
Биздин көтөрүлгөн ханыбыз.
Айнакул бала кеп айтат,
Ай, калайык, деп айтат!
Чеге минген ак бышты
Ай талаада сойгонбуз,
Манас деген баланы
Хан көтөрүп койгонбуз.
Биз хан көтөрдүк деги деп,
Биз көтөргөн ханыбыз
Аяк менен-башыңа,
Кары менен жашыңа
Келер бекен эби деп
Саламаттын Айнакул
Сан журтка айткан сөзү бул.
Өзүбек уулу Абдылда
Өткүр чечен кеп айтат:
— Хан кылганың чын болсо,
Бай Жакыптын баласы
Манас экөөң тың болсоң
Дөөлөткө көлдөй толуңуз,
Кылымды билген хан болсо
Кырк убазири* болот го,
Кыркына башчы болуңуз.
Калайыкка жаккан жок
Какшыктап айткан Абдылда.
Кары-жашы күңгүрлөп,
Ханыбыз Манас болду деп,
Калктын баары дүңгүрлөп,
Көпчүлүк топук алганы.
Көкчөнү Камбар жемелеп,
Туубай калсын сени деп,
Туулгандан бери дүйнөдөн
Кай жериңде кеми деп.
Бир тайды аяп салганың,
Калкка маалим болдуң го
Карик* болуп калганың.
Хандыкты Манас алды деп,
Казак бекер калды деп,
Атаң экөөң ар качан
Адамдан жакын көрөсүң
Айбан да болсо малды деп.
Башынан кудай бак берген
Союптур Манас малды деп,
Камалып турган кара журт
Ана, хан көтөрүп алды деп
Капаланды Камбаркан,
Карап турган канча жан.
Өкүнүчтүү болсоң өзүңөр,
Көрүп турат көзүңөр,
Хан кылбайбыз дегениң
Ушу жерде чыксын сөзүңөр.
Айлыңдан арман калбасын,
Атап коюп хандыкка
Артынан калба салбасын,
Ата-уулулар барсыңар,
Аны кылбайт элек деп
Арманың ичте калбасын.
Ал сөздү айтып Акбалта
Айгайды журтка салганы.
Ал аңгыча болбоду
Арстан Манас жаш бала
Жыйынга басып барганы.
— Астымда болгон ага жок.
Ажал келсе даба жок,
Артымда иним жаш жатыр,
Акылга дыйкан көй баатыр*
Айтууга менде сөз жатыр.
Мал жагында арман жок,
Башыма мүшкүл иш түшсө
Сууруп алар азаптан
Тууганымда дарман жок.
Карып калган Жакыпта
Кайрат кылар шайман жок.
Казак, кыргыз бир тууган,
Хан болуучу жан болсо
Бирөө чыксын бел бууган.

