МАНАСТЫН ХАН ШАЙЛАНЫШЫ
Талаада бир ат сойдум деп,
Хан көтөрүп койдуң деп
Өз напсиме тартпайын,
Тоодой токонаалатты*
Өз мойнума артпайын.
Калмагың бар, маңгул бар,
Казагың бар, кыргыз бар,
Каңгай менен тыргоот бар,
Бел байлаган болсун деп,
Мени боштон койсун деп
Бала Манас айтат кеп.
Ырас айткан сөзүң деп,
Калайык хан кылууга
Ылайыксың өзүң деп,
Көпчүлүк ичин жыйбады.
Өңгөсүнүн баарысы
Бир-бирине кыйбады,
Журтту кудай сыйлады.
Эр кадамы жолдо бар,
Не кылса да бай Жакып
Дүнүйөсү колдо бар.
Жаштык кылса баласы,
Болбосо мейли Манасы,
Карыса да Жакыпты
Хан көтөрүп алалы,
Кабылан Манас баланы
Кайрат кылар душманга
Баатыр коюп салалы.
Көңүлгө шондой кеп келди,
Көпчүлүккө эп келди,
Көкчө мырза бек келди.
Хандыкты Жакып алдыбы,
Баатырлыктын мансабы
Манасына калдыбы?
Эби болсо көбүңө,
Атан менен лөгүңө*,
Акылга кеңеш кураймын,
Төгөрөк журтка эп болсо
Төрөлүктү сураймын.
Айдаркан менен Камбардын
Ачуусуна чыдабай,
Жергедеги казактын
Жемесине чыдабай,
Жез жыгадай* эр Көкчө
Жетип келип элге айтат.
— Көкчө сурайт төрөлүк,
Көбүңөргө эп болсо
Төрө бол деп көрөлүк.
Көпчүлүктөн сөз кайтат:
Казак, калмак алсын деп,
Качан такка мингени
Төрө атанып калсын деп.
Калктын баары күңгүрлөп,
Казак төрө болсун деп
Как жарылды дүңгүрлөп.
Көтөрөлүк ханды деп,
Хан көтөргөн жанды деп,
Алты кулач ак кийиз
Астына алып салышып,
Агала сакал Жакыпты
Акбалта менен Бердике
Жетелешип алышып,
Көпчүлүк аны сүйрөдү.
Көтөрбөңөр мени деп
Көсөл Жакып сүйлөдү.
Көп дүнүйөм болсо да
Көңүлүм толгон ала үчүн,
Көргөнсүңөр калайык
Көп ыйладым бала үчүн.
Акылга түшкөн ал үчүн,
Азар түмөн дүнүйөм
Асили көзгө көрүнбөй
Наалып жүрдүм бала үчүн.
Карыганда хан кылып
Калабага салбаңар,
Каралдым турса кашымда
Карып калган жашымда
Убалыма калбаңар.
Хан жумушу көп болот,
Балаңды коюп болгун деп,
Кандай курган кеп болот.
Ырас мага кыйсаңар
Баламды кылсаң эп болот.
Муну айтып бай Жакып
Буркурады, ыйлады,
Бурчактап жашын тыйбады.
Кордукта жүргөн курган чал
Кубангандан ыйлады.
Казак, кыргыз камалап,
Калмак, маңгул жабылып,
Ак кийиздин үстүнө
Бай Жакыпты салганы,
Баласы Манас баатырды
Ак кийиздин үстүнө
Аны дагы биргелеш
Олтургузуп алганы.
Көтөрүп көп журт алганы,
Жети кадам басканда
Болду балдар, болду деп
Жеткилең Жакып карыя
Жерге түшүп калганы.

