Баарыласа, көптөсө
Балакетке салбасын,
Баш көтөрөр айылда
Бала калбай калбасын.
Ургаачыңды күң кылып,
Таң атпаган түн кылып,
Эркегиңдин баарысын
Таманга басып жүн кылып?
Сатыкка салып кул кылып,
Сандыкка салып пул кылып,
Зардалдын баарын өлтүрүп
Зайыбыңды тул кылып,
Санабай малың айдатып,
Сай кашкаңды* жайлатып,
Ата-уулудан түк койбой
Айдап жүрүп кырбасын
Ар тарапка сайлатып.
Баарыңарга эп болсо,
Бай Жакып айткан кеп болсо,
Камданган болуп калалык,
Капыр келсе зордукчу
Каяша кылып салалык.
Каза жетип күн бүтсө
Кармашып өлүп калалык.
Ойрон болгон кытайың
Оңдурбаска окшоду,
Ошону айтып бай Жакып
Ортосунда токтоду.
Айткан сөзүн угушту,
Акылдашып турушту.
Эсине алды кээ бири
Бая Нескара кылган урушту.
Он бир элчи келгенин,
Ойрондойбуз дегенин,
Тогуз жүз аскер кол алып,
Алтайды көздөй жол алып,
Нуукер балбан келгенин,
Урушуп балдар жеңгенин.
Алтайлыктын кыйласы
Анжууну көздөй кеткенин,
Арызы ханга жеткенин
Айтып-айтып турушту,
Арбытты Жакып жумушту.
Өкүм болбой өнүкпөйт,
Өзүнчө бу журт жөнүкпөйт.
Башчысы болбой марыбайт,
Баш аламан жарыбайт,
Ханы болсо кар болбойт,
Жарактуу киши зар болбойт.
Жайыт болбой мал болбойт,
Жабылса кытай жан койбойт,
Бекери болбой бек болбойт,
Бекер жатыш эп болбойт.
Каары болбой хан болбойт,
Дене болбой жан болбойт.
Тегерегиң баары жоо,
Тепсесе душман жан койбойт.
Калкалайм десең жаныңды,
Көтөрүңөр ханыңды.
Хан көтөрбөй болбос деп,
Каптаса душман койбос деп,
Хандуу журт болуп калалык,
Калаба кылса капырлар
Кайрат кылган бололук,
Өлүп калсак кокустан
Бир чукурга тололук,
Бекер жатпай эндекей,
Тирүү болсок баарыбыз
Бир дөбөдө бололук,
Пейли катуу бирөөңдү
Бек көтөрүп коёлук.
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөңдү
Хан көтөрүп алалык,
Капыр келип кол салса
Каруу-жарак асынып,
Каршысына баралык.
Ушуну айтып бай Жакып,
Акбалта чалы башында,
Бердике бар ушунда,
Жалпы турган адамдар
Жайы барбы бу сөз деп
Жакып бай турган тушунда,
Жандын баары күңгүрлөп,
Жакшы кеп деп дүңгүрлөп,
Жакып байдын доорунда
Жалпы аламан баарысы
Кол куушурду бооруна.
Ошо күндө көпчүлүк,
Ойлонсок бизге көп түлүк,
Баракелде эп экен,
Бай Жакып айткан кеп экен,
Алтайлыктан аз барбыз,
Каңгайлыктан канча бар,
Манжуулуктун башы бар.
Тыргооттон бир миң түтүн бар,
Үч уруу казак болгондон
Чачкыны жок бүтүн бар,
Кырк уруу кыргыз бу да бар.
Алты шаар арасы,
Ары четин сураса
Барганалык жуда* бар.