Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Даярдаган бир жанмын

"Балапан учуп уядан,

Ыгын билбей конордун,

Караган менең көз жетпей,

Ырыскым кайдан болорун,

Жолдо калган бир жанмын.

Баргектен* боо мээлейим,

Колдо калган бир- жанмын

Чылбырын үзгөн тулпармын.

Акырда калган жемим бар,

Ал акырга жете албай,

Акылымда кемим бар.

Аркы атам аты Чылаба,

Чылабадан Солобо,

Солобо уулу Соорондук,

Ошондой болот биздин жик.

Артыгы жок сөзүмдүн,

Ачыгы жок көзүмдүн,

Азып жүргөн элинен

Алмамбет бакыр өзүммүн.

Жолдо жатса көрөр жок,

Өлүп жатсам көмөр жок,

Бир кудай деп караймын;

Биздей курган карыпта,

Андан бөлөк жөлөк жок".

Ал сөздү айтып Алмамбет,

Анан тили байланып,

Азыркысын башына

Заманасы айланып,

Жаш имерди көзүнө,

Калайык, кулак салыңар,

Эми Манастын айткан сөзүнө:

"Аркайган бийик Ала-Тоо

Ак марал кууп ким ашпайт,

Айкын талаа, узун жол,

Адашса жолун ким баспайт!

Калабалуу, кырк баатыр,

Күлүктөн тартуу камдаңар,

Күрөөкө тондон табыңар,

Баш тулпардан байлаңар,

Баатырдын көөнүн жайлаңар.

Самаган сапар жолуна

Айлалуу мүлкүм Аккелте

Асалык анын жонуна.

Албарстан учтуу сыр найза

Аны берип колуна,

Кийгизиңер Аккүбө

Кийүүчү кийит тонуна.

Алтын саптуу ач албарс,

Аны байла белине.

Арзыбаса кыргызга,

Ала кетсин ушуну

Бара турган жерине".

Манас айтып оозун жыйгыча,

Ачып көздү жумгуча,

Аккуланы кындыйтып,

Асты менен жетелен,

Азаматтын баарысы

Атасы келген эмедей,

Алып кел деп энтелеп,

Ач маралдай маңкайып,

Аккуланын соорусу

Ак дөбөдөй даңкайып,

Алтын ээр, сырдуу каш,

Көмкөрө ээр бетинде,

Көрчөгөсү* көөхар каш,

Арыстаныңдын Аккелте

Бургулап ичин түздөгөн,

Аткан огу жөн учпай,

Ажалдуу жанды издеген.

Аккелте илип кашына,

Алтын ээр башына,

Сыр найзаны сайылтып,

Асабасын жайылтып,

Кылычын илип ээрине,

Көрсөтүп кылык көбүнө,

Эшик эндүү айбалта

Кол канжыга байлаптыр,

Кошуундун көөнүн жайлаптыр.

Саадагын салып ээрине,

Тартууга чыкты тогуз ат

Эр Алмаңдын келүүнө.

Аккуланын артынан

Маралтору бууданы,

Кызкара деген бир күлүк,

Кызкаранын артынан

Ачкара деген бүгүлүп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.