Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Арыстан экен сүйлөшү,

Акыры минтип турган соң,

Асты келбес ылайык,

Алмамбеттин сүйбөсү.

"Батарыма жер таппай,

Баркымды билер эр таппай,

Өлгөн болсом, кокустан,

Өмөлүп көмөр эл таппай,

Тирилик болсо көрөрдү,

Өлсөм, кейип көмөрдү,

Баркын билип өнөрдүн,

Кызматка салып көрөрдү,

Талаада калбай өлүгүм

Таптым бекен деп турам

Табытка салып жөнөрдү.

Ага да жок, ини жок,

Ажал жетсе башыма,

Айланар тууган бири жок,

Тууган болсо кырк баатыр,

Тутууга келдим мен акыр.

Жибектен алган өөнүм бар,

Жигиттен калган көөнүм бар.

Ырас мени тур десең,

Мени коё салынар.

Ынтымактуу жүрмөккө

Бата кылгын баарыңар".

Алмамбет айтып салганы;

Алиги турган кырк баатыр

"Акылыңа бали!" - деп,

Ыраазы болуп калганы.

Кол көтөрүп дубага,

Бата кылып алганы.

Алмамбет кетпес болгону,

Арыстан Манас баатырдын

Көңүлү көлдөй толгону.

*  *  *

Муну мындай коёлу,

Атакеси Жакыптын

Эми кабарынан бололу.

Чабармандан кеп угуп,

Алмамбет келди деп угуп,

Аксакалдуу чалдардан,

Айлы жакын жандардан

Атакеси Жакыпбай

Алтымышын камдаган.

"Алмамбет келет экен" - деп,

Атпай кыргыз даңдаган.

Он эки кемпир алыптыр,

Энекеси Чыйырды

Манасты көздөй бет алып,

Аттанып чыгып калыптыр.

Торко тон менен жайкалып,

Боз жорго менен чайкалып,

Байбиче жолго салыптыр.

Алтымыш чалын ээрчитип,

Алардан мурун аксакал

Бай Жакып жетип барыптыр.

"Атаңыз келди мына"- деп,

Ажыбай айтып туруптур.

Атынан түшүп жөө басып,

Алмамбет урмат кылыптыр.

"Айланайын ботом!" - деп,

Бай Жакып ыйлап баркырап,

Сакалдан жашы төгүлүп,

Жамгырдай болуп жаркырап,

Алмаңдын агып жашы тыйылбай,

А деген үнү жыйылбай,

Жакыптын төшүн жыттады.

Ал аңгыча артынан

Ак чач болгон байбиче -

Чыйырдынын үнү чыкканы,

Алмамбет аны укканы.

Байбиченин боз жорго

Алтымыш чалды аралап

Туучунак атка тийиптир.

Байбиченин эмчеги,

Жаш төрөгөн келиндей,

Алмамбетти көргөндө,

Ат үстүнөн ийиптир.

Кубанып Алмаң титиреп,

Байбиченин эмчеги

Чийдей болуп зиркиреп,

Тамырынын баарысы

Ташып кетти диркиреп.

"Балам, Манас, келгин, - деп,

Бала күндө эмдиң, - деп,

Сен эмгенсиң мурун да,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.