Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Бадаң бийдин Торуча,

Баары бөдөө көй күлүк.

Кокондуктун Кошчабдар,

Койчумандын Карасур

Аккулага кошкону,

Тогуз болду, карап тур.

Ал тогуздун артынан

Алмаңа келген тартуудан

Жал-куйругу түпөктөй,

Тумшугуна караса,

Суусарга койгон күбөктөй,

Сай күлүктү шыңкыйтып,

Сарала атты кындыйтып,

Кулжадай санын түрүлтүп,

Кундактай белин бүгүлтүп,

Сары улакты тарттырып,

Садагасын чаптырып,

Тай семизин сойдуруп,

Сары казы, кыйма жал

Салып этин койдуруп,

Тамашага киришти.

Байкабай Манас бир ишти,

Саясы салкын тереги,

Кысылса тиер кереги 

Кыйбат баа Сереги

Таар ордуна бөз жапкан,

Тарылган жерде сөз тапкан,

Талкаланган сыныкка,

Дары жагып, эп тапкан,

Такалган жерде кеп тапкан,

Турду Серек ордунан,

Тунук сөз чыгат оюнан:

"Мурун кыргыз наркы экен,

Мал таанылса, жан түшүш,

Баатыр сизге бир айтам,

Кандай болот биздерге

Даарбаан кылбай эр түшүш?".

Эсине Серек салганы.

"Атаны жакшы кеп бул!" - деп,

Шанкылдап күлүп, эр Манас

Санын чаап алганы:

"Ырас айттың, Серегим,

Ыгы менен ар качан,

Тийип калат керегиң.

Баатыр келди ат чап, – деп,

Карап турбай бат чап!" – деп,

Кабыланын салды айгайды.

Эр Алмамбет муну ойлойт,

Карап туруп далайды;

"Кара жанына өлчөгөн

Аккула Манас аты экен,

Кас тулпарын мингизген

Ашкере чыккан март экен.

Аккүбө Манас тону экен,

Азыркысын сүйүнүп,

Мага кылган жолу экен.

Аккелте Манас мүлкү экен,

Байкап турсам, Сарала ат

Мага ылайык жылкы экен.

Ат-тонунан мен айрып,

Кетирбейин айласын,

Өспөгөн жаман жан кылар

Өз жанынын пайдасын".

Отуз, кырк ат чыгарып,

Чубатканы калыптыр.

Ошонгуча эр Маңас

Алмаңа айтып салыптыр:

"Алмамбет! торгобойм сенин

                                               изиңен,

Тоспоюн кылар ишиңен.

Асты ыраазы мен болбойм,

Арыстан, Алмам, өзүңдүн

Нааразы болгон кишиңден.

Найзага белги желектир,

Аккула атым минип кет, -

Азамат эрге белектир.

Аккелтени атып кет,-

Аманат жанга керектир.

Байлаттым буудан он сегиз,

Тап этинде тептегиз.

Манастын көөнүн жайлап кет,

Бара турган жолуңа

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.