Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Баштап ээмп бергин" - деп,

Байбиче айтып салганы.

"Мамаңды эне бергин" - деп,

Алмамбет чуркап барганы.

Оң эмчегин алганы,

Оозуна Манас салганы,

Сол эмчегин алганы,

Алмамбет ээмп калганы.

"Отуздагы баласы,

Зоңкоюп эмчек эмди!" - деп,

Эми Жакып чал күлүп турганы.

Салбыратып байбиче

Эмчегин салды койнуна,

Сандыргалуу Алмамбет

Саадагын илди мойнуна.

Айылды көздөй бет алып,

Эми Жакып чал жөнөп калганы.

Бакдөөлөт угуп бу дагы,

Он эки катын ээрчитип,

Жолдон чыкты а дагы.

Абыке, Көбөш - жаш балдар

Ат жарышып, куш салып,

Антип жүргөн убагы.

Айры өркөчтөн төө алып,

Ак саргылдан бээ алып,

Семизин айдап келгени.

Акылга дыйкан Абыке

Алмамбетке садага

Бут таратып бергени.

Эр Манастын айлына

Алмамбет келип киргени.

Чыйырдынын Ак сарай

Кеңдиги бар бир далай,

Кирип барып олтуруп,

Ар жемиштен карасаң,

Койгон экен тасторконго толтуруп.

Жээрине карын жок,

Кыраандардын баарысы

Тамак-ашка болтуруп,

Суусун канып чайланып*,

Жалпы баары жайланып,

Олтурганда кеп айтат,

Ойлонуп Алмаң бек айтат:

"Мээ кайнаган ысыкка,

Белсенишкен кысыкка,

Майдан урган жазыкта

Чаап жүрсөң, чаалыкпас,

Алтайга минсең, талыкпас

Аккула экен атыңыз.

Аккула колдон бир чыкса,

Айбанга өтпөс датыңыз.

Тула боюн тууш күч,

Кара богоң катуу күч,

Коргошундай салмагың,

Козголгон алыс арбагын.

Ар кандай тулпар минсең да,

Арылбас аттан арманың.

Марттык кылып башында

Мага берип салганын.

Байкамакка пейлиңди

Макул көрүп алгамын.

Атакемдин үйүнө

Азыр болду келгеним.

Урматы үчүн энемдин

Эми Аккула кайрып бергеним.

Сандаган журтум бүт болсун,

Баатыр, Сарала мага кут болсун!

Атпай кыргыз журт болсун,

Аккула сизге кут болсун!".

Бул сөздү айтып Алмамбет

Азыр кылды батасын,

Кубандырды картайган

Тиги олтурган Жакып атасын.

Той тарады кеч болду,

Алыскылар кете албай,

Конок болор кез болду.

Манастын көөнү жайланып,

Эми Алмамбет калды байыр

                                              алып.

*  *  *

Кыргыздын кызын көрсөм -

                                               деп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.