Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Айтылуу сулуу кыз болсо,

Акылга дыйкан уз болсо,

Алмамбетке алып берсем" - деп,

Сурамжылап элинен,

Жалпы кыргыз жеринен

"Атактуу кыздан барбы? - деп,

Оюна Манас алыптыр.

Ойку-кайкы бастырып,

Ар тарапка барыптыр.

Атасы Жакып үйүнөн

Эми келип Алмамбет

Манасты таппай калыптыр.

Карабөрктөн кеп сурап,

"Кайда кеткен" - деп сурап,

Карабөрк катын кеп айтат:

"Кайда экенин билбедим,

Канышынын төрүндө

Жаткандыр төрөң" - деп айтат,

Какшыгын Алмаң билбеди:

"Каныш деген ким?" - деди.

Эми катын кеп айтат;

"Эркесинин үйүндө,

Жаткандыр төрөң" - деп айтат.

Эми Алмамбет билбеди:

"Эрке деген ким?" - деди.

Карабөрк анда кеп айтат,

Катуу күлүп, бек айтат:

"Кылдуу көчө, түктүү эт,

Көрө элек белең жеңеңди,

Тиги кашкаңдаган кара бет,

Шооруктун кызы Акылай,

Шоодураган капырай,

Акылай сулуу дегенди,

Көрө элек болсоң жеңеңди?

Ошонун үйүндөдүр" - деп,

Карабөрк айтты мындай кеп.

Ар мүнөзүн караса,

Акеркечке окшобой,

Ал сөз менен Алмамбет

Бастырып кетти токтобой.

Күнүлүктүн зардабын,

Какшыгын мага айтат - деп,

Акылайдын үйүнө

Ал бойдон барып Алмамбет,

"Адам барбы мында?" - деп,

Эшигинен сурады.

Олтурган төрдө Акылай

Орунунан турбады.

"Ат менен адам чакырган,

Сенин атың ким?" - деди.

Эми Алмамбет кеп айтат,

"Мен Алмамбет" - деп айтат .

Баатыр барбы мында?" - деп.

Алмамбет айтса акыры,

Тышка чыгып жөн айтпай,

Ал Акылай катыны:

"Байбичеден баш булгап,

Бастырмагы кыйын, - деп,

Башта дагы бир жөндүү,

Маа жолобойт быйыл" - деп,

Акылай жообун бергени.

Болжолун көрүп Алмамбет,

"Азыр Манас баатырың,

Бойдок экен" - дегени.

Алмамбет муну көрүптүр,

Жарадар болгон жолборстой,

Ыңгыранып үндөбөй,

Жанып кайра келиптир.

Басып үйгө киргенче,

Баатыр келип жеткени.

"Балам, кайда бардың?" - деп,

Эми Жакып сурай кеткени.

(Баягыдан Жакыптын

Эми Манаска үйүр чагы бар;

Дагы таарынса кетип калар - деп,

Абышканын жалкып калган жайы

                                                      бар).

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.