Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Кирген нардай зыңгырап,

Ач арыстандай ыңгырап,

Кытайча кызыл добулбас

Чымын тийсе кынгырап,

Көрүнгөн жондо бир караан

Булаң этип көрүнүп,

Дагы Алмамбет маң болуп,

Жолу төрткө бөлүнүп,

Белден көргөн белгиге

Бет алып жолго салыптыр.

Белендеген беш баатыр

Кабактан чыга калыптыр.

Мылтык атып, тарс коюп,

Добул согуп, карс коюп,

Желегип шамал жапырып,

Жеп ийчүдөй бакырып,

Чукул жерден чубуруп,

Жакын жерден жабылып,

Качырып чыга калганы.

Чаалыгып келген Алмамбет,

Чил учкандай селт этип,

Бир да көзүн салбады.

Коргошун жүрөк, пил билек,

Коркпой турган Алмамбет,

Жолдон азган бир жолборс,

Жологон пенде соо болбос.

Сундурган бешөө жарагын,

Сырттан Алмаң кебелбей,

Бастырышын карагын.

Кабагы бийик, өңү саз,

Кабыландай мараган,

Каары менен караган.

Барганы менен бакырып,

Бар кайратын чакырып,

Кайраты мындай ким болду?

Кайсаңдаган беш баатыр

Катыла албай тим болду.

Бардашы мындай ким болду?

Барган менен беш баатыр

Батына албай тим болду.

Кыраан Алмаң келаткан,

Кылжейрен менен калкайып,

Кыйкырып барган беш баатыр

Кошулуп калды бастырып,

Саламын айтып шалкайып.

Кылжейрен атын кындыйтып,

Кыйгачтуу найза зыңкыйтып,

Адам өлчөөр кеме эмес,

Байкап көрсөң айбатын,

Манасыңдан кем эмес.

Бар кудай берген экен - деп,

Баатыр Сыргак жол баштап,

Астына түштү тепеңдеп.

Алиги келген бешөөнү

Алмаң, адам го деп карабай,

Кейпик көрүп беш баатыр,

Кеп суроого жарабай,

Талас, Чүйдүн арасы,

Түз-Булактын кериси,

Ушул болот Алмамбет

Эр Манаска келиши.

Мына, төрт төбөлүү кырк чатыр,

Ондон киши кашында

Орчун жыйын көп баатыр.

Он эки жигит күйүгүп,

Ат алууга жүгүрүп,

Астында турду бүгүлүп.

Миң кадам жерден жол тосуп,

Алиги келген алтооно,

Эки-экиден жол кошуп,

Ат жылоонун алганы.

Тигинен моюн ийбеген,

Тизгинге адам тийбеген,

"Тарт колуңду наадан!" - деп,

Алмаң тизгинин кагып калганы.

Катуу кагып, бек силкип,

"Кармабагын!" - деп силкип,

Чылбырды жулуп алыптыр.

Чыканагы бирөөнүн

Чыгып кетип калыптыр.

Арыстан Манас баатырдын

Айтканындай кылыптыр.

Бакылдашып, ордо атып,

Канчасы чатыраш ойноп калыптыр

Жатканы турбай кырданып,

Жаалданып сурданып,

Карап койгон бир жан жок,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.