Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Кайкаңга көзүн салыптыр.

Карышкырдай кыландап,

Түлкүдөй куйрук булаңдап

Элесин көрүп эр Алмаң,

Элейип тура калыптыр.

Мергендерче бет менен,

Чекесинин чет менен

Ченеп Манас көз салса,

Элесин байкап Алмамбет,

Карап калган калкайып,

Кылжейрен аты даңкайып.

Анда Манас ойлонду:

"Кызыл түктүү пил экен,

Кыраакы эрдин бири экен.

Алыскы ишти ойлогон,

Акылмандын бири экен.

Айбатына жан түтпөс

Баатырлардын бири экен.

Кең көкүрөк, сом далы,

Туткандын чыгар далдалы, -

Балбандардын бири экен.

Кездешкенин мант кылып,

Алгандардын бири экен.

Качыргандан токтолбос

Камандан алган мүнөзү,

Кайгырып жоодон шашпаган

Жолборстон алган мүнөзү".

Абыдан көрүп айкөлүң,

Кайра чапты калкылдап,

Аккула менен алкылдап.

Өзүнүн боюн жыйнабай,

Өңүрү кеткен талпылдап:

"Жоого сүрдүү жолборстор,

Жолдошту кудай бериптир,

Сүйүнчү,-деди, чоролор!

Баштап жүрсө, - барааның,

Калкыңда жүрсө, - карааның,

Бетиңде жүрсө, - бедериң,

Белиңе таңуу медериң.

Алмамбет келет, мен көрдүм,

Ар мүнөзүн, айбатын,

Арыстанга тең көрдүм.

Сунса колу узарып,

Жумулса, көзүн ачкандай,

Айла кылып токтоткон,

Көл, дарыя ырыска

Көз көрүнсө баткандай.

Кетирбей алып калайын,

Кебин кылгын, көй баатыр.

Аздырбай алып калыштын,

Акылын тапкын, көй баатыр.

Чогоолдук кылcа, кетирип,

Өжөрлүк кылса, өткөрүп,

Кейишке салса, кечирип,

Кеткени болсо, кетирип,

Күтөрдүн камын кылыңар.

Бүлүндүрсө, бүлк этпей,

Түтөөрдүн камын кылыңар.

"Башын тартпас өлүмдөн

Баатырлык жайы көрүнөт,

Пас адамга тең жүрчүү

Бакырлык жайы көрүнөт.

Келе жатыр жол менен,

Кейиш тартып ой менен.

Ашмаранын оюнда,

Ак-Эрмендин боюнда,

Алтындуу саадак колунда

Аттанып чыгып, беш баатыр,

Бөксөгө чыга келгенде

Азир тургун жолунда.

Күлдүрдүн уулу, Чалыбай,

Күлдүргүчүм, Ажыбай,

Сырттан, Сыргак, Кутунай,

Акбалтанын Чубагы,

Белиме таңуу беш баатыр,

Азыр кайрат кылар убагы,

"Көк колот ылдый салыңар,

Көрүнбөстөн барыңар,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.