Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Ойду көздөй бет алып,

Оолугуп ичи тутанып,

Кара-Кырчын, Кара-Суу

Кабылан Алмаң жапжалгыз

Капталган жери мына бу.

Кара-Суунун тунугу

Найза салса бойлобой,

Булуң-булуң чулугу,

Төрт канаттуу чалагар,

Сырттан Алмаң караса,

Суу кушунун баары бар.

Саздуу жерди ээлеген

Ызылдак ызгыч дагы бар.

Учуп чыгат башка куш,

Алмамбет буга болгон туш.

Ызгыч-кара кашка куш,

Канаттары күрүлдөп,

Катуу учуп дурүлдөп,  

Аттанып кара суулардан,

Асты Алмамбет кутулбайт,

Ызылдаган булардан.

Кыжыры кайнап кырданып,

Кырааның Алмаң сурданып,

Суу көтөрбөй сиркеси,

Ызгычка айткан бир сөздү;

"Ызылдаба, ызгыч куш,

Ырасын айтсам ушул иш,

Канаттуудан сен жалгыз,

Кара сазга бүтүпсүң,

Кара баштан мен жалгыз

Койсоңчу, ызгыч, кордобо,

Жолума чыгып торгобо.

Өзүңдү өзүң зордобо".

Ал сөздү айтып далайын,

Ачкалыктан шалайып,

Эки буту салайып,

Санаасы санга бузулуп,

Таноосу демге кысылып,

Ачкалыктан Алмамбет

Кара тер бойдон сызылып,

Камсыгып келген каркыбар,

Жаага кыйын салты бар

Коломсокко* кол салды,

Ошо кушка ок алды.

Киричке* жебе чалыптыр,

Телпилдеген ызгыч куш

Чыйылдап келип калыптыр.

Алмаңдын көргүн санатын,

Ызгычтын атты канатын.

Канатын огу сындырды,

Ызгычтын жанын тындырды.

Чыйраксынып көккө учуп,

Жыгылды ызгыч жер кучуп.

Азыр ызгыч жыгылды

Алмамбеттин жолуна.

Аны Алмамбет көрмөккө

Эңип алды колуна.

Канаты сынган, алы жок,

Кармап көрсө, жаныбар

Былк этерге шайы жок.

Бөдөнөдөй өзү бар,

Бөжүрөйгөн көзү бар.

Назыят кылып ызгычка,

Алмаңдык айтар сөзү бар:

"Адамга неге катылдың,

Арманда өлүп атылдың.

Алыңды чактап билбедиң,

Айланып сага тийбедим.

Катылба десем болбодуң,

Кадалып жолум торгодуң.

Кадемиң каткыр оңбодуң!

Тийбегин десем болбодуң,

Титиреп жолум торгодуң.

Тийгенден кийсыл оңгонуң?!

Чөлүккөн чөлдө сен болдуң,

Чөккөн арыстан мен болдум.

Аңкаган чөлдө сен болдуң,

Ач арыстан мен болдум.

Алыңды билип, не тийдиң,

Алымды билбей достошуп,

Ажалдын тонун мен кийдим.

Өз алын билбей сен тийдиң,

Өзүңө окшош болом - деп,

Өлүмдүн тонун мен кийдим.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.