Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Эр эшиги тоң темир,

Эритмекке эр керек.

Эр Көкчө деп сагалап,

Эми жүрүш не керек?

Кыян акпай сел кайда?

Кылайбай булут, жел кайда?

Жакшылык көрөр жайым жок,

Жарыгы тиер айым жок.

Карарбай булут, жел кайда?

Катуулап жамгыр төкпөсө,

Калкылдап аккан сел кайда?

Карыпчылык жеткен соң,

Казакка жүрүп не пайда?

Батарыма жерим жок,

Барарыма элим жок!

Колдосоң, кудай, колдодуң.

Колдобосоң, оңбодум.

Жөлөсөң, кудай, жөлөдүң,

Жөлөбөсөң, эрте өлүп,

О дүйнөгө жөнөдүм!".

Бул сөздү айтып муңданып,

Буурканып, сурданып,

Алмамбет жөнөп кетиптир

Айланган кара жол менен,

Албан түрдүү ой менен...

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.