Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Кытайың кетип калган - деп,

Кылмак эле саа бирди,

Кылым журт айрып алган" - деп,

Асмөнкө муну сөздөдү.

Карарып жаны укканда,

Эми Козубай сөздү көздөдү:

"Бузуп айтпа баатыр - деп,

Бузукчулук сиздерде

Болгон далай акыр - деп.

Арак ичпей соо жүргөн,

Акеркеч анда акыр - деп,

Акеркеч айтты акыл кеп.

Мастык менен байкабай

Өткөрдүң Көкчө баатыр - деп,

Эл билгендин баарысы

Эбиңди тапкан акыр - деп.

Жарабаган калп айтат,

Катыныңды талашып,

Кара басты дейсиңби?

Кыраан Алма баатырдан,

Катындан ибет* жейсиңби?

Алганыңды талашып

Айбан болду дейсиңби?

Алмамбет көзү мында жок,

Андай бузук кылган жок.

"Каалаган атың мингин - деп, -

Каалаган тонуң кийгин" - деп,

Каным Көкчө, сен айттың:

"Кангырбай жолго киргин" - деп.

Акырегин жаш кылып,

Анты-шертин ташпырып,

Анан чыкты Алмамбет.

Чыкканда да соо койбой

Кылыч урду кыйласы,

Канжар урду канчасы,

Бычак урду мынчасы"

Айтканын Көкчө туюнду,

Агып жашы куюлду:

"Сынган экен таягым,

Сыздаган экен аягым!

Кетилген экен туягым,

Кемиген экен сыягым!

Үзүлгөн экен канатым,

Токтолгон экен санатым

Көрбөйсүңбү жумушун

Азгырып коюп мурунтан

Асмөнкө шумдун турушун".

Алданган Көкчө ошентип,

Айылдан жигит чаптырды,

Алымсейит курусун,

Тынымсейит Шуутун

Аш кайнамда таптырды.

"Түбүмө ушул жеткениң,

Канатым жерге жеткенде,

Кабарым алыс кеткенде,

Кашайтмак эле иттерим!

Кан болбой куруп калсамчы,

Каралдымдан айрылып,

Кара жерге житкеним.

Как ушундай кылар - деп,

Канчадан бери диттедим.

Көп көрүпсүң көйтөрө

Көкчөгө келип турушун.

Сураган экен ат майын,

Көкала аты курусун,

Ат аяган жер карайт,

Жер карабай не карайт.

Эр Көкчөнүн кадырын

Алмамбет өңдүү шер карайт.

Али да болсо чабыңар,

Алмамбетти табыңар.

Көөдөнгө сыйбас көп санаа,

Көркөм күлүк Көкала

Дилдеден жүгөн катыңар,

Жолборстон үртүк артынар.

Алмамбеттин жолуна

Алып барып тартыңар!".

Бармак болду эр Көкчө,

Бардашы* журттан бөлөкчө.

Айлына дүрбөн салыптыр,

Астыртан кабар алыптыр.

Алтымыш "жакшы" жыйылып,

Көкчөгө азыр келип калыптыр.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.