Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

Арыстандай акырын,

Жанына жакын барганда,

Айгай салып бакырып,

Каракчы болуп чыгыңар,

Капилет сайып жыгыңар.

Жортуулчу болуп чыгыңар,

Жол боюна жыгыңар.

Атын коштоп алыңар,

Айдап жолго салыңар.

"Бол, жүргүн - деп шашыңар.

Ботонун белин ашыңар.

Кожойтуп айдап алыңар,

Колду көздөй салыңар.

"Койбойм тирүү жаның!" - деп,

Коркутуп айткын баарыңар.

Жүткүндурүп келиңер,

Жүрөгүн сынап билиңер.

Алкындырып келиңер,

Акылын сынап билиңер,

"Көк-Жайыкта жатканың,

Киричтен кийик атканың

Ордочуң ордо салыңар,

Элүүң жөнөп төш жакка,

Ат откоруп барыңар.

Кыркың кызып, топтошуп,

Чатыраш ойноп калыңар.

Тогуз, онуң биригип,

Тогуз коргоол алыңар.

Он эки жигит жол тосуп,

Оолактан атын алыңар,

Ороюң суук салыңар.

Сөөлөткө тигип алганың,

Төрт төбөлүү кол чатыр,

Дөөкүрсүгөн көй баатыр,

Саламын алик албаңар,

Жакшы экен деп көрүшүп,

Жарбаңдашып калбаңар.

Жатканың турбай кырданып,

Жаалың салып сурданып,

Которуп орун бербеңер,

Козголуп, "келгин" - дебеңер.

"Сырттандык кылса, кыңкыйып,

Сырыңды сыны толтурар.

Ою терең эр болсо,

Олутун таап олтурар.

Бабырап башкаң үндөбөй,

Баянсыз кепти сүйлөбөй,

Сыр бербестен зымпыйып,

Кыраан куштай кымпыйып,

Адептүү болгун баарыңар.

Ар кандай жумуш болсо да,

Аңдап менден алыңар.

Каталык кылса кайтарып,

Асталап жолго салынар.

Карчыга учат аң үчүн,

Абадан торгой быжырайт

Агарып аткан таң үчүн;

Бирок менин айтарым 

Абыдан кыйын эрдир - ээ,

Алып келип үстүмө,

Ар канча кыйын болсо да,

Ат менен салам бердирбе.

Жөө келип айтсын саламын,

Жөнүн билип аламын.

Пас келип айтсын саламын,

Баркын билип аламын.

"Кыл дегеним кылыңар,

Кыйла кыйын сыры бар,

Кабыландын бири болгон соң,

Кааласа көрөр сыны бар.

Сырыңды сынап билбесин,

Сырттан эрдин мүнөзү

Сырын жолго кирбесин.

Жоо бөрүсү эр деген,

Жоругуңду билбесин,

Же жолобой жолго кирбесин!".

Көк колот ылдый салыптыр,

Көй баатырдын бешөвү

Көрүнбөй тосуп калыптыр.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.