Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Албай кантип тартабыз,

Уйпаланып келдик, - деп, 

Уялбай кантип айтабыз?

Кызыталак буруттан

Кырылышып кайтабыз.

Сырттап-сырттап чыгалы,

Зыркыратып кубалап,

Сыйынган жерге тыгалы.

Ойронду опсуз салалы,

Кызыталак бурутту

Ороп кармап алалы!".

Колдун артын эр Жолой,

Айдап алган чагы экен.

Койбочуудай кармашып,

Жайнап алган чагы экен.

Кол алдында чоң Дөңгө

Кежиге чачы үксөйүп,

Каары келип, какайьщ,

Дөңгө келе жатат түктүйүп.

Мурунунан чыккан буу

Кол ыштыктай буркурап,

Кырын тийген эмедей,

Артынан кытайдын колу чуркурап;

Көрчү болсоң, эр Дөңгө

Кылкүрөн, менен чамынып,

Манаска найза саюуга

Жеткен экен камынып.

Көк темирден туулга

Көмкөрө кийип алыптыр,

Көмө койчу эмедей,

Күркүрөп келип калыптыр

Кыраан, Манас жаш бала

Аймаңбоз оозун бурду эми,

Тоодой болгон Дөңгөгө

Токтолбой найза сунду эми.

Берен Манас баатырдын

Бели артына мекчейип,

Алактаган эки көз

Өрттөй жайнап чекчейип,

Каары бөтөн бөлүнүп,

Оозунан оту төгүлүп;

Тулпар экен Аймаңбоз

Көкүлүн көккө сыргытып,

Жаныбар туягын жерге мылгытып,

Учкан куш менен жарышып,

Окоро түйгөн ак тизгин,

Ойноп учкан тулпардын

Кабылан оозу менен алышып,

Айта-буйта дегиче,

Ачып көздү жумгуча,

Шердин шер экени билинип,

Аймаңбоз жетти жүгүрүп.

Жетик бала баатырың

Жебеден мурун жеткени;

Жеткен жерден Дөңгөнүн,

Кендир курдун бети деп,

Өпкөнүн бер жак чети деп,

Жан жеринин тушу деп,

Өлөр жери ушу деп,

Кан ичсе тойгус сыр найза

Катуу муштап өткөнү.

Карап турган адамдын,

Бүткөн бою дүркүрөп,

Кылкүрөңдүн үстүнөн

Ээрден көчүк кылтайып,

Үзөнгүдөн бут тайып,

Кулап кетти күркүрөп.

Дөңгө аттан түшкөндө,

Балени башка салганы,

Баатырың башын кесип алганы.

Ичке жолун төтөлөп,

Кылкүрөңдү Манас шер

Олжо кылып жетелеп;

Кылкүрөң коштоп чыккыча

Кудай бетин көргөзбө,

Камышты көр, селди көр,

Каптап келген элди көр.

Каардуу Жолой бакырып,

Какандап* ураан чакырып,

Каарды катуу салды эми,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.