Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Кашы өрттөнгөн токойдой,

Калбайыңкы эрини

Жылкычы кийген чокойдой.

Буттай темир курчанып,

Жекеге чыгып калыптыр.

Каарына капырдын

Жер майышып алыптыр.

Кол токмоктой кара чач

Аркасында селкилдеп,

Мунун темингени телпилдеп,

Көк ала майдан таш кашат

Майданга чыга калды эми.

Кыраан Манас жаш бала

Бет алып чукул барды эми.

Манас жакын калганда,

Теке каңдай барганда,

Анда Жолой муну айтат;

"Атыңдын оозун бура тур,

Антаңдабай сен, бурут,

Алдыңкы жерге тура тур.

Манас, Манас дегенде

Барбая түшөт экенсиң,

Сууга салган чаначтай,

Дардая түшөт экенсиң.

Бул Алтайда туулдуң,

Киндик кан тамган биякка,

Сенин кишилигин, каякта?

Дегениме көн, Манас,

Буруттугуң чын болсо,

Кезегиңди бер Манас!

Жекелеше турушуп,

Жеке сайыш кылалык,

Баатырлык сонун мындай иш,

Жекелешип алалык".

Жолдоңдогон Жолойдун

Дегенине көнгөнү,

Каалаганың болсун деп,.

Кезегин Манас бергени.

"Аябай найза сай Жолой

Аяп калсаң эгерде,

Так энеңди алып кал, Жолой!

Бардык күчүң сал, Жолой,

Жыга сайып кал, Жолой.

Жыга албасаң, эр Жолой,

Жылмаң чалгын чалынат.

Байкагының ошондо

Башыңа балта чабылат.

Эми желигип туулуп жетилдим,

Кечүүдөн чалам кечүүңдү,

Келберсиген калмагым

Эми аламын сенден өчүмдү!

Төшүңө найза сукпасам,

Туулбай туна чөгөйүн,

Сенин төрөңдү сайып жыкпасам,

Таштууңду кармап албасам,

Кызыл чоктуу эриңе

Кыргынды кымбат салбасам!".

Ушинтип Манас күүлөндү,

"Чанач мурун, чоң соргок

Чамаңды бил!" - деп сүйлөндү.

Аймаңбоз оозун бурду эми,

"Кезегиң Жолой алгын, - деп,

Кеңири күчүң салгын" - деп,

Кысыр чалган кабылан

Кылт этпей карап турду эми.

Ачбууданча Жолой кан

Оңурайып барбайып,

Ал да келди дардайып.

Жетик эрдин бири экен,

Көрүп сындайт Манасты,

Өзү сынчы шум экен.

"Капырай, адамдан бөлөк сүрү бар,

Арыстандай түрү бар.

Кара чаар кабылан

Капталында чамынат,

Чолок көк жал жолборсу

Аркасында камынат.

Бир караса, миң киши

Калмакты аңдып тургандай,

Туш жагынан жабылат.

Билеги жоон таш жүрөк,

Пил мүчөлүү бадирек*.

Кайраты бийик, заары күч,

Кагылышкан адамды

Кыла турган жылма түз.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.