Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Туш-тушунан зыркырап,

Муздак шамал урду эле,

Тоо башында дүмпүйүп,

Кара булут турду эле,

Булут учуп бурулуп,

Асмандан алты сай мөндүр куюлуп,

Тоо-тоонун башы жабылды.

Чуңкурдан туман табылды.

Бөксөнүн баары мөндүрлөп,

Жаканын баары жамгырлап,

Аңгектин баары тыгындап,

Арыктын баары жыгындап,

Баскан жериң былкылдап,

Жердин үстү бузулуп,

Кыян жүрдү кылкылдап.

Коктудагы жыгачтын

Дүмүрү чыгып короюп,

Жаткан төөдөй дөңгөчтөр

Каршы-терши сороюп,

Асмандын бети тутулуп,

Тоо-тоолордун этеги

Кыян жүрүп бузулду,

Кызык кылып күн жайлап,

Кызталак Жолой кутулду,

Аранын баары бузулду,

Жайдын күн суук кыш болуп,

Туйгун Манас бетине

Төрт эличе муз турду.

Кыбыладан муздак жел жүрүп

зыркырап,

Жапжарык болуп алданын күнү

ачылып,

Жер үстүнөн кара буу чыкты

буркурап,

Жолойду таппай кайгырып,

Айласы кетип Манастын,

Алтайга тартып кайрылып,

Узун жолду бакалап,

Асты көк жал келатса,

Алтайдын тоосун жакалап,

Алтымыш тулпар, сан буудан

Астына айдап алыптыр,

Бет алдынан барбайып,

Каман алп чыга калыптыр.

Каман алпты көргөндө

Эрте сөзү кеч болду,

Бир кагыша кетүүгө

Кабыландын эки көзү төрт болду.

Каман алп жайын сурасаң,

Кечээ Кап-Тоонун берки бетинде,

Кытайдын аркы четинде,

Кыяңгер, Кайсан. тоосунда,

Суук-Капчыгай оозунда,

Суук-Төр деген төрүндө,

Жалгыз көз деген элинде,

Ошонун бер жак бетинде,

Шибээ деген эл экен,

Жери майдан жер экен.

Адам болгон алыстан,

Катыны тууса ырымы -

Устара кылган камыштан.

Киндигин кесип ырымдап,

Тукуму Шибээ дээр экен.

Жалгызын көрсө карышкыр,

Алыста койдой жээр экен.

Кайчы кулак Каман алп,

Ошол Шибээ эл экен.

Шибээнин баары башынан

Муну Каман алп балбан дээр экен

Боконо сөөгү толгондо,

Балбан атка конгондо,

Казыналык болуптур,

Тоюна токсон качыр союптур.

Муну менен "Чоң балбан" атка

конуптур.

Ошол Суук-Төрдүн жеринде,

Жалгыз көздүн элинде,

Сазаң-Шандын өзүндө,

Жети Бээжин козголуп,

Жети жыл уруш салыптыр.

Кытайдын баары жыйылып,

Кыйноо тартып калыптыр.

Кара кытай Жолоюн

Белге таңуу кылыптыр.

Жалгыз көз элин Каман алп,

Жалгыз өзү кырыптыр.

Кайраттуусун жайлаптыр,

Канчаларын кул кылып,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.