Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Бээжинге тирүү айдаптыр.

Бейпайды мыктап салыптыр.

Бет каратып багынтып,

Жалгыз көз журтун алыптыр.

Кайчы кулак Каман алп

Катылганды кайсаган,

Бул дагы атагы чыккан жаман алп.

Манасты көрүп Каман алп,

Каарланып элеңдеп,

Керишүүгө ой кылып,

Жоо-жарагын белендеп,

Айкай кулак тундуруп,

Колундагы найзасын

Манасты көздөй сундуруп,

Найза сынып кеткенде

Айбалта менен кагышып,

Андан айла кеткенде

Кылыч менен чабышып,

Мындан айла кеткенде,

Чокмор менен салышып,

Жадаал* салып турушуп,

Жан аябай урушуп,

Ошондо Манас кабылан .

Чымырканып, чыңданды,

Бардигер күчүн баарысын

Колуна жыйып тынданды.

Кыраан Манас баатырың

Эңкейип эрдик салды эми.

Каман алптын кол токмоктой кара

чач

Колуна тийип калды эле,

Шапа-шупа бат кармап,

Үзөнгүнүн боолукка

Үч жолу орой чалды эле,

Аймаңбозго ошондо

Олбуй-солбуй камчы уруп,

Оң-тетири теминип,

Чүдөп жүрүп калды эми.

Аймаңбоз жоого үйрөтүп,

Опол тоодой Шибээни

Дыркыратып сүйрөтүп,

Бай Жакыптын чоң кылыч

Жанынан сууруп алды эми.

Койдой башы кесилип,

Коондой ичи жарылып,

Эр Манастын колунан

Каман алп өлүм болуп калды эми.

Колот жерди май кылып,

Каман алпты жай кылып,

Кармашып жүрүп катыгып,

Кабылан Манас атыгып,

Ажайыптын жолунан,

Каман алптын колунан

Алтымыш буудан тулпарды

Айдап Манас келди эми.

Кырк жолдошко бирден ат

Үлөштүрүп берди эми.

Кырк баланын башчысы,

Кыйласынын жакшысы,

Найзага камбыл ыктуусу,

Жоо бөрүсү, мыктуусу,

Чекчерилген чечени

Куруп калган Кутубий -

Көк жал Манас жөкөрү,

Ободон жылдыз болжошу,

Байчоро менен Чалыбай-

Баатырындын жолдошу.

Кабыландын жыйган кырк бала

Кыраан чыккан жолборсу.

Бала да болсо баатыр деп,

Азган, тозгон кыргыздар

Эр Манасты дем кылды,

Жоонун айласын таап жатыр деп,

Ошонусун бел кылды.

Алыша келген душманга

Айтар сөзгө тең кылды.

Чоңсунган жоону сомдоду.

Зордук кылган адамды

Айбалталап, токмоктоп,

Арыстан Манас оңдоду.

Жолборсуңдун астына

Эми жолоп адам барбады.

Жолугуша келгенде,

Жоосу тирүү калбады.

Кабыланыңдын өзүнө

Каттап адам барбады,

Катылган тирүү калбады.

Азганакай журтуна

Атка минип, ээ болду,

Мандайга жазган ырыска

Калк ичинде дөө болду.

Ай туяктан ат айтып,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.