Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Үйдөй кара бөркү бар,

Өчөшкөндүн баарысын

Жеке кырчуу эрки бар".

Мына ошондо эр Жолой,

Манасты көрүп күйүндү.

Өлчөп, сынга толтуруп,

Өз жанынан түңүлдү.

Төбө чачы үрпөйүп,

Кайран Жолой балбаны

Манаска найза сунганы.

Кезегин берип эр Манас,

Былкылдабай турганы.

Мыктап Жолой сайганда,

Манас кыйшак этип койбоду.

Эр Жолойдун Ачбуудан

Тизеси жерге орноду.

Кытайлардын кан Жолой

Акыл ийлеп, ой ойлоп,

Кылайган арга калбады.

Калталандап шум Жолой

Качар жагын камдады.

"Кайрылса Манас жеди, - деп,

Сайса бурут оң кылбайт.

Эрегише келгенде.

Эгерде мени соо кылбайт".

Ыңгыр-дыңгыр кеп ойлоп,

Жолой минтип турганда,

Жолойго найза салууга

Жолборсуң даяр майданда.

Аймаңбоз санга бир салып,

Найзасын оңдоп колго алып,

Ач арыстан төштөнүп,

Алгыр бүркүт көздөнүп,

Атылып Манас жетти эми.

Калмак ээрдин кашы деп,

Кан жүрөктүн башы деп,

Найза салып өттү эми;

Кытайлардын чоң Жолой

Ээрден көчүк кылтайып,

Үзөнгүдөн бут тайып,

Эки өңүрү далбактап,

Эки көзү алактап,

Куюшканын кармады;

Көзү кетти тунарып,

Өңү кетти кубарып,

Ырп этерге алы калбады.

Кайрылып Манас келгиче,

Каман алпын чакырып,

Жору куйрук Жоон алп,

"Жоон алп!" деп бакырып,

Алтымыш жайсаң, кырк дөөсү

Коргон болуп Жолойго

Тегеректеп жетти эми,

Желеп, таяп Жолойду

Оңдоп жүрүп кетти эми.

Берениң Манас бет алып,

Балбанды бузук жол салып,

Күрмө кийген калмактын

Күчтүүсүнө кол салып,

Маңдай, тескей турушуп,

Найзалашып көк жалдар

Бет алышып урушуп;

Найза учуиан ак була

Калдактап учуп кеткенде,

Найза сынып түшкөндө,

Айбалта колго алышып,

Көз ирмебей көк жалдар

Муну менен салышып,

Жакалашып тартышып,

Астындагы буудандар

Тизеден жерге батышып,

Маңдайлашып турушту,

Башкасынан айла жок,

Чокмор менен урушту.

Эми Жолой кеп айтат,

Берендер уккун деп айтат:

"Ачбууданды мингени,

Айкырып жоого тийгени,

Жолуккандын баарына

Жоболоңду салчу элем,

Кезиккенди талкалап,

Кейитип байлап алчу элем.

Өзүм Жолой болгону,

Ушул болду жазганым.

Бул буруттун колунан

Өлүп кала жаздадым,

Эрбеңдеген эки кол

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.