Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Чак болушуп калыптыр.

Казган калың ор келди,

Эсен кандын шаарынан

Каптаган калың кол келди.

Сакал, чачы бириндеп,

Ошондо Жакып дирилдеп,

Эми бөөдө өлүмгө калбай дейт,

Балам, кылсак кантет мындай дейт:

"Айтканына көнөлү,

Ыгына дың дебестен кирели.

Алтайдан күткөн сан кара

Баарын тартуу кылып берели.

Курган жан аман калалык,

Сулуу кыздан бир тогуз

Тандап тартуу кылалык,

Жанды сактап туралы.

Кыйналып калган жан элек,

Тирүү жүрбөй баштатан,

Кулунум, кырылып калган эл элек".

Жакып мындай дегенде,

Безге сайган эмедей

Ыргып кетти эр Манас:

"Кокуй, ата, не дейсиң,

Неге мынча маанай бас?

Жоого намыс бергиче,

Ажалым жетсе өлөйүн,

Малым менен жанымды

Олжого кантип берейин!

Катүгүн, ата, не дейсиң,

Аймаңбоз берчи минейин.

Капкайдан келген балбанды

Мен кайра Бак-Бурчун айдап

  кирейин!

Өлбөй тирүү жүргөндө

Не мураска жетейин.

Калкым кыргыз, сен үчүн

Курман болуп кетейин.

Зордукчу кара кытайга

Согушту ыктап салайын.

Телпейген кара калмактан

Быйыл  теңдигим  тартып аламын!

Кокуй, ата, кейибе,

Найзалашып топ бузам,

Тагдыр жетсе окко учам!".

Деп ошентип зор Манас

Жоо-жарагын шайланды,

Кыргын кылчуу нар кескен

Кылычын ичтен байланды.

Ошол кезде кылкылдап,

Кытай каптап калганы.

Жору куйрук Жоон алп,

Кайчы кулак Каман алп,

Качырып уруш салганы.

Жетик Манас көк жалды

Ортосуна алганы.

Беттеп найза сунганда,

Пенде чыдап туралбай,

Качырып кылыч чапканда,

Калмак чыдап туралбай,

Бет алса, кытай бөлүнөт,

Таалайы артык айкөлдүн

Арыстан сыны көрүнөт.

Бир караса миң киши,

Бир караса, баатырын—

Эсеп жеткис сан киши.

Араласа, арыстан - шер

Ат-атынан күбүлүп,

Чыйрагыраак балбаны

Чын жанынан түңүлүп,

Маңдай-тескей турушуп,

Мылтык атып, жаа тартып,

Карсылдашып урушуп,

Караса көзгө илинбейт,

Кудай бетин көрсөтпө,

Камгак учкан немедей

Кайсы экени билинбейт.

Манаска чыдап туралбай

Манжуу качып шокшоктоп,

Ар жагынан эки дөө

Кайра тосуп токмоктоп,

Баатыр Манас көк жалды

Байлаймын деп жыйылды,

Байламак түгүл бадирек*,

Бет келгени кырылды.

Балбан Дөңгө, эр Жолой

Чын каарына алды эми,

Өмүлүшө келгенде

Мындай кепти салды эми

"Беттешкенден өлдүк, - деп, -

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.