Яндекс.Метрика

Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени

Эптеп кыңыр табууга,

Эптеп кыргыз чабууга,

Алтай жолун төтөлөп,

Кырка кошун жетелеп,

Арт жагында балбаны,

Балбандар ээрчип алганы.

Ошол кезде Манастын

Аймаңбозу шайлалуу,

Кермеде толгон тулпар

   байлануу.

Кырк таман чийип ордону

Атып жаткан кези экен,

Тамашага баатырың

Батып жаткан кези экен.

Ичинде Манас жолборсу,

Жанындагы кырк бала -

Жаш баатырдын жолдошу.

Чийип койгон чийинди

Кара баспай, ак басып,

Кыйшыгы жок так басып,

Кадамакты кадашып,

Оюн салып жатканда,

Тоорумак тооруп атканда,

Ичке түштү жаш Манас,

Чүкө чертер чоң оюн

Ишке түштү жаш Манас.

Кызыкка кыйын батканда,

Чүкө чертип жатканда,

Эсен кандын кырк нары

Жүктөлгөн алтын дилде бар;

Кырк нарынын астында,

Кыйла баалуу кызыл нар,

Арт жакта эки жүздөй

   балбаны,

Кызматкерди шаштырды,

Атып жаткан ордонун

Ортосун жара бастырды.

Ачууланып эр Манас,

Бир чүкөнү черткени,

Чыркырап чүкө кеткени.

Чүкө ыргыды чыркырап,

Эсен кандын эки нар

Чүкө тийген жилиги

Талкан болду быркырап.

Кызыл нар кыйрап жыгылды,

Балбандары күүлөндү,

Ал балбандын ичинен

Дөөдүр алпы сүйлөндү.

Манасты көздөй чоң Дөөдүр

Балтасын ала жүгүрдү;

Аны көргөн кырк бала

Өлдүк деп жандан түңүлдү.

Манасты кармап алууга

Эки жүз балбан жабылды,

Балакет минтип табылды

Балбандарды көргөндө,

Кыраан Манас арыстан

Кызыкты мындай салганы,

Чоюн чокмор ойнотуп,

Он экисин жалмады.

Жанындагы кырк бала

Баягыдан жанданып,

Кажылдашкан калмакка

Кошо кирди кол салып.

Каарды Манас баштады.

Алтымышын тырайтып,

Кырка кырып таштады.

Жеткилең Манас аралап,

Балбанды кырып жатканда,

Жетимиш жерден жара жеп,

Дөөдүр качып кутулду.

Муну мындай таштайлы,

Атакеси Жакыптан

Эми сөздү баштайлы.

"Качып кирер токой жок,

Кара кылар ногой жок,

Өрт каптайт жыйган үбүмө*,

Опсуз тентек чырагым,

Жеттиң менин түбүмө!

Улукка тийип уйпадың,

Уулум, Манас, оңбой кал,

Ушинтип бизди сыйпадың!".

Ошондо Акбалта келди

    күүлөнүп,

Ойрон болгон Жакыбына

        сүйлөнүп:

"Өлсө болбойт түк арман,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.