Яндекс.Метрика

Манастын бала чагы

"Жалгыз уулум, Манасым,

Каарды катуу баштадың.

Каран түн, мүшкүл чыр салып,

Кочкуну союп таштадың.

Калың каздың орумду,

Эми кайнатмак болдуң шорумду.

Ордолуу журтка катылып,

Чечтирмек болдуң тонумду!"

Эми Акбалта кирди күүлөнүп,

Ачуусу келип сүйлөнүп:

"Кейибе, Жакып, жөнү жок,

Кейиген адам оңобу?

Ушу сенин кейишиң жакшы болобу?!

Өчкөн отуң тамызат,

Аман болсо бул бала

Өлгөн жаның тиргизет.

Аман жүрсө бул Манас,

Добул келсе жел тийгис

Булуң токой -чер болот.

Доочу келсе мал бергис

Кара көк жал, эр болот.

Кайгы тилөө болобу?

Кайгырбагын жөнү жок,

Калка болот Манас деп,

Ошондуктан көөнүм ток.

Айтканым уккун сен Жакып:

Эми малдын баарын чачалык,

Медер кылып Манасты

Кыргызды көздөй качалык.

Бул Алтайга турганда,

Не муратка жетелик.

Кургаң жан аман барында,

Кыргызга кирип кетелик!".

Акбалтанын айтканын,

Көңүлүндө эп кылып,

Азганакай кыргыздар

Кетүү жайын кеп кылып,

Кочкорун биттеп ирк кылып,

Коюнун баарын түрк кылып,

Букасын бычып, уй кылып,

Айгырын бычып, ат кылып,

Буурасын бычып, бой кылып,

Кайран кыргыз ошентти,

Кача турган ой кылып.

Карысы санаа тартканда,

Калдайып айыл жатканда,

Баатырлар санаа тартканда,

Бейкутта айыл жатканда

Көктөн жылдыз тутулуп,

Көрбөй Манас калганы,

Тагылып качып кутулуп,

Эсен канга барганы.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.