Яндекс.Метрика

Манастын бала чагы

Жандан кечип таштады.

Кереге-уугун кыйратып,

Келин-кызын ыйлатып,

Керүүдөгү жылкыны

Баарын тийди чуулатып.

Ал аңгыча болгон жок,

Он экиде эр Манас

Минген аты Аймаң боз

Кармашкан жоосу соо болбос,

Жоо-жарагын шайланып,

Кынсыз кылыч байланып,

Кайра жаачуу булуттай

Каары бетине айланып,

"Күрдөлдүү башым барында,

Күлүгүм кантип берейин,

Күчөгөн экен бул калмак,

Мен бир күпүлдөшүп көрөйүн!",

Манас ачуусу келип бөлүнүп,

Ар мүчөсүн карасаң,

Арыстан сындуу көрүнүп,

Жакып байдын жаш Манас

Жеткилең белин курчанып,

Аймаңбоз санга бир салып,

Сыр найзаны колго алып,

Качырып кирди бакырып,

Арт жагынан кырк бала

Манастап ураан чакырып.

Ат мингени дагы бар,

Өгүз минген дагы бар,

Кыжылдаган кармашта

Кырк баланын баары бар.

Астындагы Аймаңбоз

Тайгылган жок бийиктен;

Ал жаныбар кем эмес

Ташка баскан кийиктен.

Жаш Манастын Айманбоз

Баскан ташы быркырап,

Жолум үйдөй чоң даңкан

Төбөсүндө чыркырап,

Араандай оозу ачылып,

Кан аралаш ак көбүк

Омуроого чачылып,

Ээлендирип булкунтуп,

Эр Манас жүрөт майданда

Аймаңбозду жулкунтуп.

Найзасын канга чыктады,

Алыша келген балбанды

Коёндой жерге ныктады.

Бузуктун баары тыйылып,

Жылкынын баары жыйылып

Ойкуп Манас кеткенде

Он эки балбан сырайып,

Бет алгандын баарысы

Аттан түштү тырайып

Ошол келген Кочкунун

Муруту өтөккө чыккан чалкандай

Канжасынын кирин көр,

Балдар, көөлөп жеген талкандай,

Мурунунун таноосу

Бурулуш жылга буткулдай,

Кезиккенди ал Кочку

Жөн эле аты менен жуткандай,

"Сексен Манас болсон да,

Түбүңө чогуу жетемин,

Атаң Жакып чалды баш кылып,

Баарыңды байлап кетемин!".

Каарланып, күпүлдөп,

Дабыштанып, дүпүлдөп,

Жекеге чыкты эр Кочку

Төбө чачы сүксөйүп,

Кол салууга Манаска

Келген кези түктөйүп.

Жетик Манас көк жалың

Жебеден мурун жетти эми,

Жеткен жерден Кочкуну

Көмө коюп өттү эми.

Үзөнгүдөн бут тайып,

Ээрден көчүк кылтайып,

Адырайган чоң, Кочку

Аттан кулап түштү эми.

Акбалта, Жакып бул жерде

Арага түшүп калганы.

Алдында Манас турганы.

Атасы Жакып муну айтат:

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.